Домой Экономика Кыргызстан эл аралык аферисттердин курмандыгына айланбашы үчүн инвестиция издөөдө жаңылбоо керек

Кыргызстан эл аралык аферисттердин курмандыгына айланбашы үчүн инвестиция издөөдө жаңылбоо керек

48

Израилдик лобисттик компаниясынын Кыргызстандын экономикасына миллиарддаган долларды чачууга жана сырткы карызынан кутултууга даярдыгы жаңы бийлик ким менен иш алып барып жатканын түшүнүшү керектигин так билдирип турат. Эл аралык аферисттер мамлекеттик институттардын алсыз иштегенинен пайдаланып, өлкөнү кулчулукка байлаган келишимдерди таңуулайт жана алардын артына жашынган каржылык магнаттардын туткунунда мамлекет башчысы калат.
Эске салсак, интернетте Садыр Жапаровдун атынан Израилдин жараны Ари Бен-Менашеге таандык «Dicken&Madson» канадалык лоббисттик компаниясы менен келишим түзүлгөнү тууралуу маалымат көп ызы-чууну жараткан. Кийинчерээк өлкөнүн кызыкчылыгына жамынган жана бийлик өкүлдөрүнүн аты колдонулган келишим КР ТИМи, “Ренессанс” агрардык-өндүрүш корпорациясынын башчысы Абдыманап Карчыгаев тарабынан жасалганы белгилүү болгон.
Белгисиз бирөө эле колуна мамлекеттик органдардын өкүлдөрү күбөлөндүргөн кандайдыр бир катты же кагазды кармап алып, эл аралык аренада Кыргызстандын атынан иш жүргүзгөнү абдан жагымсыз көрүнүш. Эмнеге аткаминерлердин же алардын жардамчыларынын эч бири «Dicken&Madson» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан да эмес, ал компания курал-жарак сатуу менен алектенгени, өтө жакшы эмес репутацияга ээ экендиги айтылып баштабадыбы. Ари Бен-Менаше мурдагы аскер тыңчысы деп атап жатышат, ал турмак мекени Израиль да андан баш тартыптыр. Мындай өнөктөштүн бизге эмне кереги бар?
Бул Карчыгаев менен ал ким менен иш жүргүзсө ошонун жеке иши, бирок эмнени айтып жатканына баам салыңыздар. Израилдик ортомчу аркылуу Кытайга 2 миллиард доллар төлөөнү убадалады, дагы ошончо сумманы өзүнүн агро-корпорациясын өнүктүрүүгө алат экен. Жалпысынан, инвестициянын көлөмү 8 миллиард долларга жетиши керек. Менде суроо жаралууда – Карчыгаев израилдик өнөктөшү менен Кыргызстанды толук бойдон, жарандарын жана президентин кошуп туруп өкмөттүн кепилдик катынын негизинде күрөөгө коюуну чечиштиби?
Мындай ойго келбегендей суммалар дайыма америкалык бийликтин көзөмөлүндө болот, башкача болушу мүмкүн эмес. Мындай капиталдардын жүгүртүлүүсү көзөмөлгө алынат жана жөнгө салынып турат. АКШнын Мамдепартаменти ушундай каржылык тузактарды далай жасаган ана ага ар кандай өлкөлөр дуушар болушкан. Акырында, ал өлкөлөр экономикалык өз алдынчалуулугунан ажырап, мамлекеттүүлүгүнөн, аймагынан жана эгемендүүлүгүнөн кол жууду.
Мамлекет башчыны шайлоо алдында мындай нерселер менен тамаша кылуу өтө опурталдуу. Бул оюнчук эмес, республиканын эгемендүүлүгүн жоготуусуна жеткирүүсү ыктымал.

Т. Асанов