Кыргыз өлкөсү ЕАЭБдин эң жакыр мүчөсү деп табылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө ички дүң продукциясынын деңгээли 1,3 миң доллардан бир аз ашыгыраак болуп, мүчө мамлекеттердин ичинен эң кедей өлкө деп аталган. ЕАЭБ мамлекеттеринин рейтингинде калктын адам башына карата ИДПнын көлөмү боюнча Орусия алдыда турат.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде калктын киши башына ИДПнын көлөмү:
Орусия – 11601; Казакстан – 9750; Белоруссия – 6 658; Армения – 4760; Кыргыз өлкөсү – 1300.