Парламентте мамлекетибиздин Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулушу активдүү талкууланды. Кошулуудан эффект болдубу, болбодубу, аны түшүнүү аракети жасалды, улуттук кызыкчылыктардын корголушунун деңгээлине, ЕАЭБ органдарынын алкагындагы учурдагы иштерге баа берилди.
Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу биздин мамлекеттин жаңы тарыхындагы тарыхый окуя болуп саналат. Бул татаал процесс болду. ЕАЭБке кошулуудагы кыска мөөнөттөгү, орточо жана узак мөөнөттөгү убакытка карата экономикалык, социалдык жана саясый тобокелчиликтерди анализдөө, биздин экономиканын жаңы шарттарга адаптация болуу чарасын аныктоо керек болду. Мындан сырткары нормативдик-укуктук базаны карап чыгуу, Кыргызстан өткөөл мезгилге карата суранган алып таштоо (изңятие) боюнча учурдагы керектөөнү баалоо, мүмкүн боло турган үлүш боюнча эсеп-кысап методологиясын аныктоо, бажы төлөмүнөн бошотулган чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен бардык эл аралык келишимдерди казып чыгуу жана башкалар талап кылынган.
Сүйлөшүү процессинин өзү оор болду. Биз үчүн улуттук кызыкчылыктарга бекем туруу маанилүү болгон, бирок кайсы бир маселелерди макулдукка барууга да туура келди.
Ошондон улам Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши — айрым кызматтык адамдардын жана жадакалса бир ведомствонун гана эмес, практика жүзүндө өлкөнүн бардык мамлекеттик органдарынын көп эмгекти талап кылган жана узакка созулган иши болуп калды. Кыргызстандын ЕАЭБке кирүү процессине жалпы коомчулук, бизнес-коомчулук, аткаруу бийлигинин органдары жана мамлекеттин парламенти катышканы жалпыга маалым. Биздин мамлекет буга чейин эч качан мынчалык терең интеграцияга кирген эмес, бул экономикалык интеграциядагы биринчи тажрыйба. Тилекке каршы, биз эл аралык тартиптерди тематикалык жана фрагментардык милдеттемелердин алкагында кабыл алууга көнүп калганбыз. Андыктан балким айрым чиновниктер ЕАЭБке ошондой эле принциптер менен мамиле кылган болушу мүмкүн.
ММК жана саясатчылар аракет кылып жаткандай бардыгы коё берилген деген менен макул болуу кыйын. Көпчүлүгү жана бар иштин бир бөлүгү жасалды деп айтсак болот, ондогон мамлекеттик кызматкерлер өз потенциалдарын жумшашты. Сүйлөшүү процесстеринин түрдүү деңгээлдеринде мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бекем турууга аракет кылышты. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына бекем туруу процессине ар бир мамлекеттик кызматкер, кызматтагы жактар, коомчулуктун жана бизнестин өкүлдөрү катышты.
Андыктан бул процессти бир адам жасады деп айтуу таптакыр туура эмес болуп калат. Өтө чоң иш жасалды, жүздөгөн кеңешмелер өттү, ондогон нормативдик-укуктук актылар кайра иштелди, көп сандаган сүйлөшүүлөр эки тараптуу форматта жана көп тараптуу форматта жүргүзүлдү.
Баса, Кыргызстан үчүн башкы коркунучтардын бири катары чечимдерди кабыл алуу процессинде өзүбүздүн бошоңдугубуз жана илээндилигибиз эсептелди. Дал ошондон улам биз мүдүрүлдүк, кошулган учурдан тарта өз ишибизди жаңы шарттарга карата бура албадык.
Бүгүнкү күндө Өкмөттө жана аткаруу бийлигинин органдарында ЕЭК органдары менен карым-катыш боюнча жана евразиялык интеграцияда иштелип чыга турган жана кабыл алына турган документтерди даярдоодо системалуу жана туруктуу уюштуруу өтө зарыл. Дагы бир маанилүү фактор — алдыга коюлган тапшырмаларды реализациялоо үчүн күчтү жана ресурстарды концентрациялоону билүү, кыска мөөнөттө чараларды активдүү долбоорлоштуруп жана натыйжаларга жетише ала турган профессионалдык команданы түзүү. Муну менен Союзга кирүүдөгү терс таасирлерди жумшартса болот. Мындай кырдаалда аткаруу бийлигинин органдарында гана эмес, парламентте, бизнесте жана коомчулукта да күч-аракеттердин консолидациясы талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБке киргенинен кийинки эффекти боюнча баа берүүнүн убактысы келе элек. Союз дагы деле курулуу процессинде. Бүгүнкү күндө мыйзамдарды гармондоштуруу боюнча көптөгөн маселелер чечилип калган.
Бирок, Кыргызстандын ЕАЭБке катышуусу практика жүзүндө мамлекеттин экономикасын толугу менен карап чыгууну талап кылат.Евразиялык интеграция мамлекет алдында бир кыйла тапшырмаларды коөт, анын ичинде экспорттук потенциалды өнүктүрүү боюнча, инвестициялык жагымдуулукту кеңейтүү жана башкалар боюнча. Белгилей кете турган нерсе, тарифтик эмес соода барьерлеринин ойдон чыгарылган түрлөрү дагы деле жашоосун улантууда. Региондук рыноктордогу жогорку атаандаштык шарттарында кабыл алынган тарифтик эмес чараларга так жана тез арада реакция жасап, өз позициябызды аныктап жана аны ЕЭК органдарында профессионалдык менен коргоо керек экенин Өкмөт эң сонун түшүнүп турат. Бүгүнкү күндөгү бар тоскоолдуктарды минималдаштыруу боюнча чараларды издөө улантылууда. Көптөгөн жылдардан бери карай реэкспорттук үлгүнүн алкагында иштеп көнүп калгандар үчүн кабыл алынган бирдиктүү тартип жана техникалык жөнгө салуунун нормалары өндүрүшчүлөр жана продукцияларды импорттоочулар үчүн көбүрөөк катуу талаптарды коөт. Бирок, ошон үчүн эле токтоп калбаш керек, сыноо лабораторияларын куруунун темпин өстүрүү, көзөмөл системасын, өндүрүштүк процесстерди жана башкарууну модернизациялоо муктаждыгы бар экени билинди. Мындай болбосо биз евразиялык интеграциядагы мамлекеттердин рыногуна гана эмес, ошол эле Кытай, Европа жана башка мамлекеттердин рынокторуна да чыга албай калабыз.
Бизнес жана кайра иштетүүчүлөр мамлекет менен бирге өсөт деп айтса болот, окушат жана сатып өткөрүү рыногунун диверсификациясын эсепке алуу менен бизнести пландаштыруунун жаңы сапаттуу деңгээлине чыга алат.
Ошону менен бирге, кыска мөөнөттө Кыргызстан мобилдешип жана алдыга жылууну баштай алганын айтып коюшубуз керек.
Кыргызстандын мыйзамдарын Евразиялык экономикалык биримдиктин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, парламент Өкмөт менен биргеликте бир катар мыйзамдардын топтомдорун кайра карап чыкты. Өкмөт тиешелүү мыйзамдарга ылайык актыларды кабыл алды.
Евразиялык экономикалык комиссия жана өнөктөш өлкөлөр менен биргеликте Кыргызстандын Биримдикке кошулуусунун жол картасында каралган иш-чараларды аткаруу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Бул процесстерге 200 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүп берүү менен орусиялык өнөктөштөр чоң жардам көрсөтүштү. Натыйжада, Биримдиктин тышкы чек арасындагы өткөрүү пункттары бүгүнкү күндө талап кылынган стандарттарга ылайыкташтырылды.
Тилекке каршы сүйлөшүүлөр Орусия менен тең катар башталганына карабастан, Кыргызстандагы ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдү модернизациялоого Казакстан убада кылган жардам кечигип жатат. Арийне, Кыргызстандын Өкмөтү ал жардамды күтпөстөн 2016-жылы өз ресурстарын жумшап, ветеринардык көзөмөлдүн Евразиялык экономикалык комиссия белгилегендей минималдуу талаптарын аткарды жана ветеринардык көзөмөлдү азыр алып салууга толук шарт бар.
Мындан тышкары, өндүрүштү өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга инвестиция тартуу максатында, анын ичинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусу аркылуу да ыкчам аракеттер көрүлүүдө.
Экономиканы жана инфраструктураны модернизациялоо үчүн тартылган финансылык ресурстар өлкөбүздүн ЕАЭБке кошулуусу менен байланышкан тобокелдиктерге туура баа берилгендигин тастыктап турат.
Глобалдык экономикада, ошондой эле Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасында байкалгандай дүйнөлүк процесстердин фонунда Кыргызстандын ЕАЭБке кошулуудан күткөн экономикалык үмүтү акталды деп азырынча айтыш кыйын. Ошол эле учурда Бажы биримдиги уюшулган учурдагы Казакстан кабылган жагдайды эске салууга туура келет. Кошуна өлкөнүн экономикасы алда канча индустриалдуу жана ЕАЭСтин шартына даяр экендигине карабастан, бизге салыштырмалуу Казакстандын карапайым калкына жана бизнесине бир топ эле оорчулук жаралган.
Келечек бар жана ал көзгө көрүнүп эле турат. ЕАЭБ — бул 180 млн калкты камтыган чоң рынок жана биздин айыл-чарба жана текстил тармагыбызды талап кылган базар. Анын үстүнө эмгек мигранттардын кенен иштегенине жол ачылды. Биздин мигранттар эркин жана тең укуктуу эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Союзга биздин кошулганыбыз инвестиция тартып, ички өндүрүшүбүздү көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Азыр Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду аркылуу эле баасы 93 млн. АКШ долларына чамалаган 23 инвестициялык долбоор каржыланып, анын көпчүлүгү айыл-чарба товарларын кайра иштетүү, тигүү жана текстиль өндүрүшүн, курулуш материалдарын иштеп чыгуу, транспорт ж.б. тармактарга колдонулууда. Ошол эле учурда чакан жана орто бизнести колдоо боюнча банктардын атайын программасы иштеп жатат. Өнүктүрүү фондунун чен өлчөмү Кыргыз Республикасынын банк рыногундагы эң төмөн көрсөткүч.
Бийлик болсо улуттук экономиканын жаңы моделин реформалоо боюнча структуралык иштерди жасап баштаса, бизнес тармагында өндүрүштүк кайра куруу өнөктүгү жүрүшү маанилүү. Бул абдан татаал, бирок аткарыла турган нерсе. Бизде экономиканын кыйын учурдан татыктуу башкарып кете турган профессионалдуу башкарууну киргизип, мамлекеттик бийликти чыңдоо, жеке жана каржылык секторду, жалпы коомду пайдалануу милдети турат.
Искендер Маратов