Домой Коом Кыргызстан дагы 2 өлкө менен авиакаттамын жандантат

Кыргызстан дагы 2 өлкө менен авиакаттамын жандантат

49

Пандемиядан кийин Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамын калыбына келип, аба байланышы ачылган. Эми Ташкент менен Эль-Кувейтке рейстер жумасына бир жолу аткарылып турат. Буга чейин мамлекет Түркия жана БАЭ менен авиабайланышын калыбына келтирген. Жарандык авиация агенттигинин сайтына ушул жылдын 20-сентябрынан тарта Кыргызстан Өзбекстан менен туруктуу авиакаттамын жандантаары тууралуу маалымат жарыяланды.

Ташкент — Бишкек — Ташкент рейси «Узбекистон хаво йуллари» компаниясы тарабынан жумасына бир жолу, дүйшөмбү күнү аткарылып турмакчы.

Мындан тышкары, агенттик 10-сентябрдан тарта Кувейт бийлиги Кыргызстанга авиакаттамын жанданта турганын кабарлады. Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкек — Эль-Кувейт багыты боюнча ар аптанын бейшембисинде каттап турмакчы.