Домой Коом Кыргызстан алты өлкө менен карызды төлөө убактысын узартуу тууралуу макулдашты.

Кыргызстан алты өлкө менен карызды төлөө убактысын узартуу тууралуу макулдашты.

174

Кыргызстан алты өлкө менен карызды төлөө убактысын узартуу тууралуу макулдашты. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков айтты.

Анын айтымына караганда, Кыргызстан Кытайга карыз төлөө убактысын 4 жылга узартууну сунуштаган.

Маалым болгондой, Кыргызстан жыл башынан бери чет элдик донорлордон 343 миллион доллар (25 млрд сом) каражат алган. Анын 8 миллиард сому айлык акыга, 4,5 миллиард сому пенсияга, 2 миллиард сому жөлөк пулга, 3,9 миллиард сому жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, 2,6 миллиард сому экономиканы колдоого, 3,1 миллиард сом коронавирус менен күрөшүүгө бөлүнгөн.