«Кыргызнефтегаз» компаниясынын мурдагы жетекчилиси ири суммадагы акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Мурдагы жетекчиге Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2017-2020-жылдары “Кыргызнефтегаздын” башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А.нын жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майды арзан сатуу үчүн жалданма фирмалар уюштурулган. Муну менен күйүүчү-майлоочу майдын базардагы баасы менен сатылган баанын ортосундагы айырма 1 литр үчүн 5 сомду түзүп, ортодогу айырманы “Кыргызнефтегаздын” жетекчилиги, ошондой эле, жогорку кызматтарды ээлеген колдоочулары алган. Андан соң, жалданма фирмалар жоюлуп, анын кесепетинен 400 миллион сомдон ашык салык төлөнбөй калган.
Б.Р.А.нын 4 жылдык башкаруусунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашты.
Тергөөнүн жүрүшүндө “Кыргызнефтегаздын” мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммага кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр сатып алынганы аныкталды. Бул мүлктөр камакка алынды.
Б.Р.А. менен бирге бул коррупциялык схеманы уюштурууга көмөктөшкөн 4 адам кармалып, алар УКМКнын Жалал-Абад облусундагы абагына камалды.