“Кыргызнефтегаз” ААКсынын мурдагы төрагасы Рашит Бостонов ноябрь айында белгисиз себептерден улам кызматтан алынган. Кийин белгилүү болгондой анын кызматтан алынышына Бостонов менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн катыштыгы бар деген жалган маалымат негиз себеп болгон. Бирок окуя толук иликтене электе эле ишти караган мамлекеттик күч органдарынын кызматкерлери Бостоновдун криминал чөйрөсү менен катыштыгы бар деп себеби жок эле жарыяланган.
Аталган ишкананы өнүктүрүп жогорку деңгээлге көтөргөн Бостоновдун кызматтан алынышынын төркүнү таптакыр башка жүйөөсүз себепке барып такалат.
Бостоновду кызматтан алуу өзү мыйзамсыз экенин, укук коргоочулар айтып чыккан. Алар Бостоновдун эмне үчүн кызматтан алганына кызыгып күч структураларына кайрылганда жүйөлүү себеп айтылган эмес. Укук коргоочулар бул окуяны Октябрь окуяларынан кийин ишкананы рейдерлик менен басып алуу жана азыркы бийлик өкүлдөрүн өз адамдарын кызматка коюу саясаты деп баалап жатат.
Рашит Бостоновдун ишинен кыйкым издеген жактар анын туугандарынын жана анын жеке дыйкан чарбасын изилдөөгө өткөн. Бирок ал жерден да эч кандай мыйзам бузуу катталаган эмес. Бостоновдун дыйкан чарбасы ошол эле айылдын эмес, кошуна айылдардан келип иштеген карапайым калктын наны болуп эсептелет. Бул чарбалык иштерге тоскоолдук боло берсе ошончо элдин ырыскысы эмне болот?
Мындан сырткары, күч органдарынын өкүлдөрү Бостоновдон кынтык табуу үчүн түрмөдө отурган аудиторду чыгарып, “Кыргызнефтегазга” калп акт жаздырганы эмнеден кабара берет? Минтип каралоо үчүн мыйзамсыз иштерди кылган адамдардын эркиндикке чыгышы кайра эле мыйзамга каршы келерин аталган күч структурасы да билери бышык.
Бул процесске көпчүлүк баам салып турат. Окуя кайсы нукта өнүгөт байкай туралы. Мыйзамдуулук жеңеби же бийлик башында туруп күч зомбулугуна салгандар жеңеби?
Булардын баарын айтып келгенде Р.Бостонов жетектеген “Кыргызнефтегаз” ишканасын,андан кийин Рашит мырзанын өзүн жана ал гана эмес жеке дыйкан чарбасын криминалга аралыштырганы ачык эле каралоо экени маалым болду.
Бүгүнкү күндө экономика аксап, эл жумушсуз отурганда коомчулук мындай кара пиар менен алектенген структурага кандай баа берет экен?