Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо комиссары Кожокан Шооруков.
Ал 1903-жылы Ак-Суу районунун Жолголот айылында кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал Караколдогу орус-тузем мектебинде Жусуп Абдрахманов, Кусейин Карасаев менен чогуу окуган. 1920-жылы Ташкентте советтик-партиялык мектепте окуп, андан соң Казакстанда иштеген. Кийин Кыргызстанга которулуп, түндүк жана түштүк аймактарда комсомолдук-партиялык жаатта эмгектенген.
1926-жылы Москвада жумушчу факультетинин даярдоочу бөлүмүндө окуйт. Ошол эле жылы корей элинин агартуучусу Чхве Джэхёндун (Пётр Цой) кызы Софьяга баш кошкон. Шоруков Абдрахмановдун үзөңгүлөшү эле. 1929-жылдан 1933-жылга чейин Кыргыз АССРинин Москвадагы туруктуу өкүлү болгон. «Кыргыз эл адабиятын» жана окуу китептерин чыгарууга көмөктөшкөн. Москвадан кайтып саламаттык сактоо министри болгон. Медициналык мекемелер жана курорттордун ачылышына чоң салым кошкон. 1937-жылы түрмөгө камалып, 1938-жылы Чоң-Ташта 34 жашында атылган. 1956-жылы толугу менен акталган.
1924-жылы журналист жана жазуучу Сыдык Карачев илимпоз Кусеин Карасаев менен Ташкентте кыргыздын туңгуч гезити «Эркин Тоону» чыгарууга катышкан. Карасаев Карачевге төмөнкүчө мүнөздөмө берген: «Бир күнү Сыдык Карачев жанына отургузуп, татар мектебинде окуп жүргөндө эмнелерди окуганын, улуттук тил жөнүндө көп ойлонгонун, кыргыз элинин эзилгенине кабыргасы кайышканын сүйлөп берди. Гезиттин кандай чыга тургандыгын, макала, очерк, кабар деген эмне, ошолордун баарын түшүндүрдү. Эмнегедир мени жакшы көрүп, акылын айтып, ишке үйрөттү. Дайыма шинель кийип жүрчү. Биринчи гвардиячылардан экен. Ыскак Мукамбаев, Болот Мамбетаалы болуп аскердик курста окуп, андан кийин Бухараны багындыруудагы салгылаштарга катышыптыр».
Ош облусундагы СССРдин атайын кызматынын (ОГПУ) кызматкерлери. Сол жактан биринчи: кыргыздан чыккан алгачкы чалгынчы Хасан Булатов, 1932-жыл.
Булатов 1906-жылы Ысык-Көлдүн Тору-Айгырында төрөлгөн. Бир тууган агасы Жусуп Булатов Кыргыз ССРинин совхоздор комиссариатын жетектеген. 1920-жылдары Хасан Москвада жумушчу факультетте жана Ташкентте атайын кызматтын мектебинде окуган. 1930-жылдары Түштүк Кыргызстанда басмачыларга каршы күрөшкөн. Андан кийин аны жетекчилик чалгын кызматына которот. Ал бир нече жыл Синьцзянда (Батыш Кытай) жергиликтүү теги уйгур көпөстүн ролун аткарып, СССР үчүн нечендеген баалуу маалымат таап, борборго жөнөткөн. 1950-жылдары Орто-Токой суу сактагычын салууга зор салым кошкон. Азыркы күндө да Булат Хасанов тууралуу маалыматтар мамлекеттик сыр болуп саналат.
Атактуу колбашчы менен тарыхчы Захиреддин Бабурдун Сулайман-Тоодогу үйү. Ош, 1920-жылдар.
1926-жылы Бакуда биринчи түркологиялык съезд өтөт. Анда атактуу түрколог жана тарыхчы, академик Владимир Бартольддун «кыргыздар ислам дининин жобосун анча билбесе деле ислам динин таратууда эң алдыңкы катарда болгон» деген сөзүнө Кусейин Карасаев күбө болот. Бартольддун бул пикирин автобиографиялык «Хусаин Наама» китебинде «Манас» эпосун изилдөө тууралуу бөлүгүндө жазган.
Өмүралы Носинов (сол жакта). Каракол шаары. 1924-жыл.
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда Носинов элди уюштуруп фронтко жардам бергени үчүн Иосиф Сталин эки ирет ыраазычылык билдирген. Өмүралы Ысык-Көлдүн Челпек айылындагы мектепте 7-классты бүтүрүп, Фрунзедеги колхоз-кооператив техникумунан билим алат. Андан соң ал Ысык-Көл менен Нарында бир катар райондорду жетектеген.
«Манас» эпосун изилдөөчү Ыбырай Тойчинов манасчы Сагымбай Орозбаков менен маектешүүдө. Кыргыз автоном облусу, 1925-жыл.
1931-жылы 19-апрелде «Советская Киргизия» гезити: «Кыргызстандын Өлкө таануу институнун социология секциясы Москвадан келген жазуучулар Глеб Алексеев жана Викториан Попов менен биргеликте кеңешме өткөрдү. Эки жазуучу «Манас» эпосун орус тилине которуу жөнүндө демилге көтөрүп, баяндама жасашты. Сунушту кеңешме дароо колдоп, атайын комиссия дайындалды. Анын курамына Алексеев, Попов, Саул Абрамзон, Преображенский, Ажыман Шабданов, Белек Солтоноев, Ыбрай Тойчинов, Сатыбалды Наматов жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрү кирди. Төрагалыгына Касым Тыныстанов шайланды. Жакын арада Өлкө таануу институту илимий изилдөөнү каржылоо жөнүндө Кыргыз АССРинин өкмөтүнө өтүнүч менен кайрылат» деп жазып чыккан.
Кыргыз улуттук атчандар дивизионунун командирлери менен аскерлери курдаштары болуп түшкөн сүрөт. Фрунзе, 1930-жыл.
1931-жылы 29-майда «Советская Киргизия» гезити «Интергельпо» кооперативинин жумушчулары Кыргыз улуттук аскердик бирикмеге 60 жаңы отургуч, төрт тамак иччү стол, эки класс доскасын, 30 скамейка, брезенттен жасалган 20 отургуч, талаа шартына ылайыкташкан он стол белек кылып, байланышта болуш үчүн дивизионго атайын үч ат бөлүп бергенин жазган.
«Жаңы маданият жолунда» журналынын мукабасы. Фрунзе, 1928-жыл, 7-декабрь.
1928-жылы 5-майда Кыргызстанда «Жаңы маданият жолунда» илимий-педагогикалык жана адабий журналынын биринчи саны чыккан. Ай сайын чыккан журнал республиканын коомдук турмушунда чоң роль ойноду. Латын арибинде чыккан басылма кыргыздын алгачкы интеллигенциясынын чыгармачылыгына жол ачкан.
Мамлекеттик мекемеге орнотулган жарнак. Фрунзе, 1928-жыл, май.
Бул уникалдуу имарат борбор калаадагы азыркы Жусуп Абдрахманов менен Михаил Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Борбордук саясий-агартуу кызматкерлерин даярдоочу курс. Фрунзе, 1929-жыл, июнь.
«Жаңы маданият жолунда» журналы «Кыргызстан өкмөтү эл агартуу иши үчүн 7 миллион рубль акча бөлөт. Анын көбү айыл-кыштактарда, мектептерде сабатсыздыкты жоюу, саясий эл агартуу иши жана мектептерди салуу үчүн сарпталат», — деп жазган.