Домой Коом Кыргыздын нарк-насилин бузган кумсалар сөз эркиндигин коргойбу?

Кыргыздын нарк-насилин бузган кумсалар сөз эркиндигин коргойбу?

239

2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Кыргызстанда сөз эркиндиги кайрадан калыбына келгени белгилүү. Алтургай, ал өз чегинен ашып, ушак, имиштерди сөз эркиндиги катары кабылдап калгансыдык. Ырас, илгертеден кыргыз эли сөзгө өтө маани берип келген эл. Ар бир сөздү өз убагында, учуру келгенде, негиз болгондо гана айтышкан. Жөнү жок эле ооздун желин корото беришкен эмес.

Сумсарбек Мамыралиев

Бүгүнкү күндө саясый күчтөрдүн тирешинен улам, кайсы бир саясый топко кызмат кылган ММК булактары президентибиздин дарегине чейин жалган маалыматтарды, имиштерди, ушактарды жарыялай башташты. Мындай ушак-имиштер үчүн «Демократиянын атасы» атыккан АКШда да катуу жазалар көрүлөрү белгилүү. Бардык эле дүйнө өлкөлөрүндө, анын ичинде Батыш өлкөлөрүндө ушак-имиштер үчүн ири суммада акчалай айып пул же 5 жылга чейин темир тор артына айдоо жазасы каралат.

Бул эң туура норма. Себеби, ушак-имиш тараткандар сөз эркиндигине жамынып алышып, башка бир адамдын кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, укугун бузууда. Жогоруда айтып кеткендей, азыркы тапта ушак-имиштин деңгээлинен чыга албай жаткан журналисттер, ММКлар бар. Мына ошолорду мыйзам чегинде оң жолго коюу аракеттерин айрым бейөкмөтчүлөр, саясатчылар жана активисттер сөз эркиндигине кысым катары кабылдашууда. Баарынан кызыгы ошолордун арасында кыргыз элинин нарк-насилине доо кетирүүгө аракет жасап жүрүшкөн, бир жыныстагы сексуалдык карым-катнашты жайылтууга кызыкдар күчтөр да жүргөнү болууда. Маселен, Сумсарбек Мамыралиев аттуу активист бар. Убагында «Демократ» партиясы аркылуу Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка да аттанган. Анын кыздардын кийимин кийип, оозу-башын боёп алган сүрөттөрүн социалдык түйүндөрдөн көрүүгө болот. Ага сөз эркиндиги эмне себептен керек болду экен деген суроо туулат. Же айрымдар сөз эркиндиги деп имиш-ушактарды жайылтууну түшүнүп жатса, Сумсарбек Мамыралиев сөз эркиндиги деп гей-пропаганда жасоону түшүнүп жатабы?