Домой Коом “Кыргыз темир жолунун” түштүк бөлүмү ЕЭК талаптарына ылайык режимде иштеп жатат

“Кыргыз темир жолунун” түштүк бөлүмү ЕЭК талаптарына ылайык режимде иштеп жатат

385

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүндө чек ара түйүндөрү, тактап айтканда, Жалал-Абад, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Шамалды-Сай бекеттеринде Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин (Кыргызстан, Армения, Россия, жана Казакстан) ыйгарым укуктуу эксперттери менен бирдикте алардын абалын баалоо жана чечүү боюнча атайын комиссия мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.  Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына шайкештиги, мурда орнотулуп, түштүк жабдуулар бөлүмдөрүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Тараза жабдыктары, станциянын периметри боюнча видеобайкоо тутумдары, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо системалары, ошондой эле жооптуу кызматкерлердин техникалык тейлөө жана аппараттарда иштөө боюнча билими текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык жабдуулар ЕЭК талаптарына ылайык штаттык режимде иштеп жатат.