Домой Саясат “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башчысы кызматынан бошотулду

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башчысы кызматынан бошотулду

75

Василий Дашков “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башчысы кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Василий Дашков аталган кызматта 2020-жылдын 10-апрелинен бери иштеп жаткан.

Буга чейин жарандык активисттер Василий Дашковду коррупциялык иштерге аралашканына шек санап, кызматтан кетүүсүн талап кылып келишкен. Дашковдун өзү ал дооматтар боюнча түшүндүрмө берген эмес.