Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-январында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысынын негизинде сотко чейинки териштирүү башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу жарандар органдар тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен «Кыргыз Темир Жолу» ишкананын жетекчилигинен 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.
Анын жыйынтыгында мекеменин жетекчилиги маселени оң жагына чечүү максатында М.А. жана У.Дга жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын бергенге аргасыз болушкан.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.
булак: maralfm.kg