Мекеменин маалыматына караганда, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны көздөй болжол менен мергенчилик мылтыктан ок чыгарган.
Натыйжада чек ара отрядынын кызматкери колунан жараат алды. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Дарыгерлер чек арачынын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.
Ушу тапта Кыргызстандын Баткен боюнча жана Тажикстандын Исфара боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат.
Эртең мененки саат 10го карата чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлдү.
Тажикстандын расмий органдары бүгүнкү окуя тууралуу маалымат берише элек.
Кыргыз-тажик чек арасында суу, жол, жер маселелерине байланыштуу эки тарап жаңжалдашкан окуялар, адам өлүмү менен аяктаган ок атышуулар байма-бай катталып турат.
Эки мамлекеттин жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519у такталган, калгандары талаштуу жер тилкеси болуп саналат.
2019-жылы эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Тажикстанда жана Кыргызстанда, анын ичинде чек ара чыры көп катталган Ак-Сай — Ворух аймагында жолугуп, жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Андан бери деле чек ара маселесин чечүү иши илгерилей элек.
Булак: Азаттык