Домой Саясат Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр оор жүрүп жаткандыгы айтылды

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр оор жүрүп жаткандыгы айтылды

136

Чек ара боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө. Мындай билдирүүнү УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин экс-жардамчысы Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматта айтылгандай, УКМК жетекчиси үч күндөн бери Тажкстанда чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. «Бизге жеткен маалыматтар боюнча, сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө. Бирок, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоодо, кыргызстандык делегациянын башчысы, мамлекеттик чек ара комиссиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев бекем позицияда турганы белгилүү болду», — деп жазат Өткүрбек Рахманов.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев буга чейин Баткен облусуна барып, Самаркандек айылынын тургундары менен жолуккан. Андан ары Тажикстанга чек ара боюнча сүйлөшүүлөр болору айтылган.