Домой Саясат Кыргыз шайлоосундагы антисаясат жана антиэкономика

Кыргыз шайлоосундагы антисаясат жана антиэкономика

20

Кыргызстан ушуну менен жетинчи парламенттик шайлоону баштан кечирип жатат. Ага чейин нечендеген президенттик, жергиликтүү жана башка шайлоолор болуп өттү.

Алардын саясий натыйжалары, катышкандардын мыйзамдуу-мыйзамсыз аракеттери, шайлоо системасынын артыкчылык-кемчиликтери тууралуу көп эле айтылып, жазылып келди. Бирок ошонун баарын бириктирип турган жалпы эки белгиси бар. Ал – талаага кеткен чыгымдар жана форма менен мазмундун карама-каршылыгы.

Шайлоо өтөт дегиче көбү ойлонуп отурбай эле Орусиянын тиешелүү документтерин «Российская Федерация» деген жерин өчүргөнгө да жарабай кыргызчага эптеп которот. Арасында анча-мынча идеясы барлары программасына ошону орусча киргизет да, кантип кыргызча жеткиликтүү кылсак деп башын катырат. Кыргызстанда жашап аткандан кийин түп нускасын кыргызча түзүү кыйласынын оюна да келбейт. Партиянын табияты эмне экенин бир топтору ойлонуп да отурушпайт, профсоюз «муунуп өлгүлө» деп буйрук берсе жипти ким сатып берет деген маселенин гана деңгээли.

Айрымдары шайлоочулардын көпчүлүгүн түзгөн кыргыз элине жагыш үчүн башына «Манас, кыргыз, Ала-Тоо» деген жалындуу сөздөрдүн баарын киргизип, экинчи эле бетинде улуттук кызыкчылыкка теңирден тескери келген жоболорду санай башташат.

Партиялардын үйрөнүп алган дагы бир амалы бар – өтө популисттик убадаларды беришет дагы, аткарылбай калса «биз азчылык болчубуз» деп кутулушат. Анткени, парламенттин баарын ээлеп алуу Баш мыйзамдын эрежеси боюнча да, азыркы кырдаал боюнча да мүмкүн эмес. Демек эч ким эч нерсеге жооп бербейт, аткарылган же аткарылбаган убадалардын тизмегине өздөрү эч качан мониторинг жүргүзбөйт. Берилген убадалардын чындыкка жакындыгы же алыстыгы экспертизадан өтпөйт, максат коюлган цифралар эмнеден алынганын сурасаңар өздөрү тыңыраак жооп бере алышпайт – ушундай болуш керек, бүттү.

Платформасы кандай, өзгөчөлүгү экенин башкасын кой, саясий кеңештин мүчөлөрүнүн бир топтору айтып бере алышпайт. Анткени биздеги партиялардын басымдуу бөлүгү – өткөн макалада айтылгандай, партия эмес, утурумдук шайлоо механизми. Алар конкреттүү адамдардын гана тегерегинде түзүлөт жана ошолордун гана саясий кызыкчылыгына кызмат кылат.

Ушундан улам партиялар идеялык багытын аныктай турган нерселерди айтпай, өкмөт башына келе турган адамдардын сөзүн сүйлөшөт. Жарнамалык материалдардагы убадалар өтө примитивдүү, адамды мал катары көргөн деңгээлдеги ураандар түрүндө жазылган. Андай нерселер канчалык көп айтылган сайын ишке ашпаган соң ошончолук баркы кетип баратат.

Алыс барбай эле буга чейинки жана азыркы шайлоодогу айрымдарын мисал келтирели: «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү!», «Бийиктиктерди багынтабыз!» «Баштадык!» «Биз биргебиз!» «Биз даярбыз, сенчи?» ж. б. Ушулардан бир нерсе түшүнсө болобу? Программасын, платформасын туюндурган бир нерселер барбы? Эмнени баштайт, ким менен бирге, кайсы бийиктиктерди багынтат, ким эмнеге даяр болушу керек эле?

Кайсы бирөөлөрү ураан жазып деле убара болбоптур. Ой чабыты жеткен эмеспи, же акчабыз эле жетиштүү болот дедиби, айтор партиянын аталышын, ичиндеги адамдардын сүрөтүн коюп алып, башка эч нерсе жазылбаган эңгезердей баннерлерди чыгарып коюп турушат. Эгер антип баары бир конкреттүү адамдарды алып чыга турган болсо бир мандаттуу шайлоо системасынан эмне айырмасы бар?

Убадалары угаарың менен күмөн туудурат. «Чек ара маселесин биз чечебиз!» дешет. Ал жок эле дегенде эки тараптуу маселе экени капарына да келбейт. «Айлыкты (пенсияны, жөлөкпулду ж. б.) көтөрөбүз» дегендери көп учурайт. Эмненин эсебинен көтөрөт, ал үчүн эмне кылышы керек – бул тууралуу сөз жок.

Кризис-менеждментте бир жакшы эреже бар. Тээ алыста, аткарылышы арсар нерсени убада бергенге караганда, мына азыр, чукул аткарыла турган нерсе тууралуу убада берип, бирок ошону сөзсүз аткарыш керек. Мисалы, «тээтиги тоого жетем» дегендин ордуна «мына, он кадам таштайм» деп туруп чын эле он кадам таштап коюу адамдын өзүн да, тегерек-четин да көбүрөөк ишендирет. Бирок эгемен Кыргызстандын тарыхында шайлоого аттанган күчтөрдүн көбү аны жасай элек.

Дегеле саясаттын бир аныктамасы – мамлекеттин алкагында кайсы бир максатка жеткире турган иштерди ырааттуу жүргүзүү. Ал эми Мамлекет – тарых жолунда Элди (караламан эмес, Элдик сапаттары менен) калыптандыруунун каражаты. Бизде шайлоо да, анын натыйжасы да саясат дегидей ырааттуулукту камсыз кыла элек.

Тилекке каршы, ошол партияларды каалагандай калчаган тажрыйбалуу бир топ саясатчылар элди мал катары көрүшөт. Анысы башка саясатчы менен соодалаша баштаганда билинет. «Менин мынча электоратым бар» деп коюп алардын атынан эч кайсы позициясын макулдашпай туруп сүйлөө – «менин мынча малым бар, алар мен айткандан эч кайда чыкпайт» деген менен барабар. Кечээ эле күргүштөп колдоп турган жамы журт бүгүн бир ооз туура эмес сөзү үчүн түкүрүнүп басып кетиши мүмкүн экени, эң негизгиси – ошого АКЫЛУУ экени көбүнүн оюна да келбейт. Өздөрү түзгөн саясий уюмдун алдында отчет берүү, жоопкерчилик тартуу, коллегиалдуу чечим кабыл алуу, институционалдык ырааттуулук маданияты калыптана элек.

Президенттикке талапкерлер болсо көбүнчө өздөрү кепилдик бере турган Баш мыйзамды, андагы укук-милдеттерин окушпайт. Анысы президенттин эмес, өкмөт башчынын ишине таандык убадаларды бергенинен эле байкалат. Өткөн шайлоодо президенттин ыйгарым укуктары менен милдеттерин бирөө эле окуп чыкканы көрүндү, бирок ал утмак тургай караандаган да жок. Коомчулук депутаттардын да, президенттин да укук-милдеттерин биле элек экени ушундан эле көрүнүп турат. Болбосо «ыйгарым укугуңда жок экен, ушул сайраганыңды кантип ишке ашырасың, ал сенин ишиң эмес турбайбы» деп эл арасынан бирди-жарымы сурашы керек эле, жолугушууга барган сайын…

Кыргызстанда сөздүн түз маанисинде саясий партиялар да жок экендиги, бийлик бутактарында форма менен мазмун да өз ара туура келбей жатканы ушундан эле көрүнүп турат.

Эми ушунун экономикалык жагына келели. Тарапкерлер же партиялар толгон-токой штабдарды, саясий технологдорду жалдашат. Аларга оңбогондой айлык төлөнөт. Журналисттер менен пиар адистеринин күнү тууйт. Толгон-токой басылмалар чыгарылып, кой десе болбой, айрыкча шайлоо жакындаган сайын эшиктен куусаң тешиктен кирип тажатат. Ага канча бир токой кыйылып, канча бир адамдын эмгеги жумшалат. Айрымдарын гана ачып барактаганы болбосо, көбүн эч ким окубайт. Макулатурага же андан да башка жерге жумшалып, баннерлер чөп жапканга жараса жарап, жарабаса ыргытылып тебелендиде жатат. Эң өкүнүчтүүсү – же окурманга, же шайлоого аттангандардын өзүнө, же жалпы элге бир тыйынча пайдасы тийбеген ошончо иштердин баары экономикага эч кандай киреше алып келбейт. Наабайчы нан жапса өзүнө киреше, кардардын курсагы тоёт. Тикмечи кийим тиксе өзүнө киреше, тиккени бирөөнүн денесин жылытат. Ал эми шайлоо сайын бизде болуп жаткан процесстерди коркпой-этпей эле антиэкономика деп атай берсек болот. Балким экономикалык пайданын логикасына каршы келген жагынан биздеги шайлоодон наркобизнес менен курал сатуу гана ашып түшүшү мүмкүн. Анткени ийнеге отургузуп же кыргын салууга себепчи болбогону менен, эл уламдан-улам алданган шайлоолор жарандардын бийлик бутактарына, шарик ойноткон шылуундардай саясий күчтөргө, мыйзамдын духун сактабай тамгасына тырышкан расмий институттарга болгон ишеничин жоготот.

Кыргыз саясатында форма менен мазмун, тарыхый тажрыйба менен азыркы реалдуулук шайкеш келмейинче, мамлекеттик түзүлүш улуттук кызыкчылыкка кызмат кылмайынча мындай көрүнүштөр улана берет. Алардын айрым өңүттөрү тууралуу кийинчерээк кеп кылабыз.

                                                                                          Жыргалбек КАСАБАЛОТОВ

Булак: Багыт гезити