Жогорку Кеңеш 25-октябрда өткөн жыйынында көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган депутат Дастан Жумабековду төрага кылып шайлады. “Кыргызстан” фракциясынын депутатын эл өкүлдөрүнүн 80ни колдоого алса, дагы бир талапкер Исхак Масалиевге 32 депутат добуш берген. Бул жыйынтык менен Дастан Жумабеков 6-чакырылыштын төрагасы болуп шайланды.
Акыркы кездери кыргыз саясий элитасында кан алмашуу процесси башталды. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев 25 жылдан бери саясатта жүрүп, элге зыяны гана тийип келген карт саясатчыларды ала кетерин айткан. Бул убада акырындык менен ишке ашууда.
Эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болуп парламент төрагалыгына бекиген Д.Жумабеков 40тын кырынан эми гана ашты. Буга чейин ал 5-чакырылыштын депутаты катары 5 жыл иштеп, 2015-жылы кайра “Кыргызстан” партиясы аркылуу парламентке шайланган. Жаңы муундун өкүлү болгон Жумабековдун спикер болушун коомчулук жылуу кабыл алууда. Анын жаштыгына, тажрыйбасына баа бергендер басымдуу.
Кыргыз өкмөтүнүн жаңы курамынын көпчүлүгүн да жаштар түзөт. Премьер-министр Сапар Исаков 40 жашта болсо, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов да эми гана 40тан ашты. Ал эми жаш саясатчы Дастан Жумабековдун Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы жаштарга мүмкүнчүлүк берилип жатканынын бирден-бир белгиси. Кыргыз саясатындагы мындай кан алмашуу процесси жакынкы жылдары өз жемишин берет деп ишенсек болот.