Домой Коом Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги биометрикалык идентификацияны колдонууну кеңейтүүдө

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги биометрикалык идентификацияны колдонууну кеңейтүүдө

40

Санариптик технологиялардын өнүгүүсүнүн негизинде мамлекеттик, каржылык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн приоритеттүү багыттарынын бири болуп аралыктан кызмат көрсөтүү болуп саналат. Эң керек болгон кызмат көрсөтүүлөр болуп үйдөн эч жака чыкпастан, дүйнөнүн бардык булуң бурчунан кызмат көрсөтүү же сервис менен камсыз болуу саналат.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” Мамлекеттик ишканасы биометрикалык технологияларды колдонуу тармагын кеңейтүү үчүн жарандарды сапаттуу, анык жана аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн платформа түзүүгө киришти.

Алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу максатында “Инфоком” Мамлекеттик ишканасы менен орусиялык “VisionLabs” компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Биргелешкен долбоордун алкагында жарандарга мамлекеттик жана каржылык кызмат көрсөтүү процессинде атайын программалык камсыздоо жана биометрикалык терминалды колдонуу пландалууда.

Программалык камсыздоо эмнелерди камсыздайт?:

— Адамды геометрикалык бет түзүлүшү боюнча ошол адам экендигин тез арада аныктоону;

— Маалыматтык каамсыздоону бекемдейт;

— Алдамчылык менен шылуунчулук тобокелдигин азайтуу менен калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртууну.

Идентификация азыркы мезгил режиминде онлайн-сурамжылоо боюнча жүргүзүлөт, муну менен бирге адамдын бет түзүлүшүн аныктоо максималдуу түрдө так жана ишенимдүү түрдө өтөт.

Технологияны колдонуу мамлекеттик кызматкерлерди тестирлөө процессинде, айдоочулук күбөлүк алуу учурунда, шайлоо процесстеринде, жашаган жери боюнча каттоо маалында, паспорт алуу учурунда, электрондук кол тамга тапшыруу мезгилинде, банкттык кызмат көрсөтүү процесстеринде жана мобилдик тиркеме аркылуу колдонуу пландалууда.