Домой Коом Кыргыз  Республикасынын  маданиятына  эмгек  сиӊирген ишмер, айтылуу журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев...

Кыргыз  Республикасынын  маданиятына  эмгек  сиӊирген ишмер, айтылуу журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев 11-апрелде  72 жашында дүйнө салды

41

Баратбай Аракеев 1950-жылы 5-июнда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында төрөлгөн. Аталган айылдын орто мектебин аяктап, аскерде эки жылдык кызматын өтөп келген соӊ, Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин 1980-жылы бүткөн. Ошол студент кезинде эле дүйнөлүк адабият, дүйнөлүк саясат, ар кандай маанилүү окуялар тууралуу кеп-сөз болуп калганда Аракеев алдына киши чыгарчу эмес экенин курсташтары эскерип айтып келишет.

Аракеев  жогорку  окуу жайды бүткөндөн кийин  “Мектеп”, “Адабият” басмаларында 1986-жылдарга чейин эмгектенген.  Ошол жылдардан  тартып кыргыз журналисткасына аралашып,  Кыргыз улуттук телевидениесинде иштеп баштаган. Ал башкы теле каналда  бат эле көзгө басар журналисттердин катарын толуктап, өз алдынча: “Кадырман карыларым”,  “Калемгер”, “Мен чилистен” сыяктуу автордук берүүлөрдү көгүлтүр экранга чыгарып, коомчулуктун сүйүктүү тележурналистине айланган. Катардагы  журналисттен өсүп-өнүп олтуруп, КТРдин ошол кезде 50 адам эмгектенген “Адабий  — драмалык” редакциясынын башкы редактору (азыркыча айтканда продюссери) болуп 5 жыл эмгектенген.

 

1997-жылдардан тартып, маркум Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитинде  саясый баяндамачы болуп иштеп баштаган. Мына ошол гезитте ал: Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Султан Жумагулов,  М. Сабыров, К. Оторбаев  ж.б. белдүү журналисттер менен эмгектенген. Аракеевдин калемине таандык криминал, сүйүү, детектив жанрындагы повесттери да гезитке сандан-санга жарыяланып, окурмандардын бүйүрүн кызытып турган.

 

2009-жылдан тарта: «Форум», «Эл сөзү», “Фабула”, “Багыт кж” гезитинде иштеп, кыргыз саясатындагы тескери көрүнүштөрдү, экономика, коррупция,  маданият багытындагы курч темаларды “Абал ушул” жана  “Кадам ушул” деген темалар менен көзгө  сайгандай жазып келген. Жазуу стилиндеги эч кимдикине окшошпогон өзгөчөлүктү, чыркыраган чындык окурмандарын эсинен чыга элек.

 

Баратбай Аракеевдин жазуучу катары тааныткан алгачкы повесттери, аӊгемелери союз тарганча эле чыгып баштаган. Андан бери:  “Кайырылчы өмүр”,  “Чаӊдагы гүл”,  “Айсалкын”, “Мен сага өлүм алып келем”, “Мент”, “Менин жазым”, “Түбөлүккө кеткен жол”, «Боронбайдын көр дүйнө» ж.б. аталыштагы китептердин автору болду.

Анын калемине таандык  “Чал күйөө” деген аӊгеменин негизинде режиссёр Асанкожо Айткиеев “Сокур кемпир көрөгүч” аттуу кино тарткан.

 

Баратбай Аракеевге окшогон инсандар  сейрек. Чынында бул инсандын чыгармачылыгы да, эне сүтү менен бүткөн кулк-мүнөзү да такыр башкача эле.  Ташкындаган таланты чыгармаларынан, ар бир жазган аналиткалык макаласынан көзгө сайгандай көрүнүп турчу. Биз Аракеевди кыргыз журналистикасында өзгөчө феномен деп баса белгилеп айтсак жаӊылбайбыз. Кыргыздын чыгаан уулу 13-апрелде өз айылында акыркы сапарга узатылат.