Домой Саясат Кыргыз-өзбек кызматташтыгынын жаңы барагы ачылды, алдыдагы 2 жылда соода байланыш 500 млн....

Кыргыз-өзбек кызматташтыгынын жаңы барагы ачылды, алдыдагы 2 жылда соода байланыш 500 млн. долларга көбөйөт

166

buy pariet 10 mg drug. 26.12.2016

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Аны мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев тосуп алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталды. Эки күнгө пландалган сапар учурунда чек ара боюнча өткөөл келишим түзүлөөрү алдын-ала расмий кабарланган. Андан тышкары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу маанилүү документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Бул мамлекеттик сапардын алдында кыргыз-өзбек ишкерлеринин форуму өттү. Ага кыргыз тарап менен бирге Өзбекстандан келген ишкерлер, бийлик өкүлдөрү катышты.  Өзбекстандын Соода өнөр жай палатасынын жетекчиси Атхам Икрамов жакынкы эки жылда Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара товар алмашуусунун көлөмүн 500 млн. долларга чейин көбөйтүү керектигин айтып, буга толугу менен шарттар бар экенин кошумчалады. “Бул бүгүн биз көрүп турган реалдуу сан. Визиттин алкагында Өзбекстандын Кыргызстан менен чектешкен Фергана, Андижан, Наманган облустары менен орто жана жеке ишкерчиликти өнүктүрүү максатында 17 млн. доллардык келишим түзүлдү. Өзбекстандын Легпром ассоциациясы Кыргызстан менен амбициялуу келишимдерге жетишти. Биз бүгүнкү форумда өз өнөктөштөрүбүздү таптык”, — деди ал.

Ал эми Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков Өзбекстан менен Кыргызстандын кеңири кызматташуусуна жол ачылганын белгилеп, коңшу өлкөдө машина куруу, медицина, дары чыгаруу, текстил тармагы өнүгүп жатканын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан мамилени бекемдөөгө даяр экенин айтты. “Биздин өлкө Борбор Азия мамлекеттери менен соода алаканы бекемдөөгө кызыкдар. Биздин өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн сооданын мааниси чоң. Борбор Азияда ички аймактык тышкы соода боюнча чоң мүмкүнчүлүккө ээ. 2015-жылы Кыргызстан расмий түрдө 180 млн. базары бар ЕврАзЭСке мүчө болду жана Европага товар экспорттоо үчүн ВСП+ статусуна ээ болду”, — деди ал.

Өзбекстандык “Ифтхорки Саноат” компаниясынын өкүлү Анна Добрых ушул жылы Кыргызстанга 2 млн. долларга бааланган ар кандай түрдөгү кийим-кечелерди алып келүү тууралуу келишимге кол коюлганын кабарлады. Анын айтымында бул компания Кыргызстан менен эки жылдан бери кызматташып келет. “Биз бул бизнес форумда натыйжалуу келишимдерге кол коёбуз деп үмүттөнүп турабыз”, — деди ал.

Бут кийим тигүү тармагындагы ишкерлик кылган Абдулхашим Исмаиловушул жылы Кыргызстанга 2,7 млн. долларга бааланган 50 түрдөгү бут кийимдерди экспорттой турганын айтты. “Биз 10 жылдан бери Ош жана Баткен облусундагы кыргыз компаниялары менен кызматташып келебиз. Бүгүн өтүп жаткан форум кызматташтыгыбызды дагы да өнүктүрөт”, — дейт ал.