Домой Коом Кыргыз милициясында жаңы кызматтар түзүлдү

Кыргыз милициясында жаңы кызматтар түзүлдү

56

erectalis. 1030045213

Жарандардын укугун, эркиндигин мыйзам чегинде камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү максатында Ички иштер министрлигинде атайын 6 кызмат түзүлдү:
1. Криминалдык милиция кызматы;
2. Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы;
3. Ички иликтөө кызматы;
4. Тергөө кызматы;
5. Экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция боюнча кызматы;
6. Коомдук коопсуздук кызматы.

Аталган кызматтардын башчылары болуп төмөнкү кызматкерлер дайындалды:

Криминалдык милиция кызматынын башчысы-милициянын полковниги Болпонов Нурмат Жумабекович;
Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы-милициянын полковниги Араев Азамат Муратович;
Ички иликтөө кызматынын башчысы-милициянын полковниги Кочербаев Скандарбек Анатольевич;
Тергөө кызматынын башчысы-милициянын полковниги Үмөталиев Талантбек Жедигерович;
Экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция боюнча кызматынын башчысы-милициянын полковниги Бийбосунов Улан Мелсович;
Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы-милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович.