Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков өткөн аптада газбаллон жабдыктарын колдонууда өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын жумушчу жыйын өткөрдү. Премьер-министр газбаллон жабдыктарын колдонуудагы жоопкерчиликсиз мамиле жана коопсуздук техникасын бузуу адам курмандыктарына алып келгенин белгиледи.
Эсиңерде болсо буга чейин Ысык-Көлдөгү көгүлтүр от топтолгон жайдын жарылышы бир нече адамдын өлүмүнө алып келип, коомчулукту катуу кайгыга салган эле. Анан калса жеңил унааларды күйүүчү майдан дал ушул көгүлтүр оттун түрүнө өткөрүү барган сайын көбөйүп жаткандыктан, өзгөчө кооптуу окуялардын саны ошого удаа көбөйүүдө. Мындай кырсыктардын жүз бериши көп учурда айрым жарандардын, жеке ишканалардын газ жабдыктарын сатуудагы мыйзамсыз иш-аракетинен улам келип чыккандыгын өкмөт башчы өзү да баса белгиледи. Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков газ станциялары талап кылынган коопсуздук нормаларына туура келбестигин баса белгиледи. “Жылдан-жылга баасынын арзанына карап, унааларына газ жабдыктарын орноткон айдоочулар көбөйгөнүнө байланыштуу газ станцияларынын саны да көбөйүүдө. Буга байланыштуу биз бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүп, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек”, – деди премьер-министр.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өкмөт башчыга өлкөнүн аймактарында газдын жарылуусуна байланыштуу өзгөчө абалдардын кесепетин жоюу натыйжалары тууралуу маалымат берди. Анын билдиришинче бул окуялардын негизги себептери – газ — тиричилик буюмдарын туура эмес колдонуу жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабоо. Тагыраагы, суюлтулган газды өткөрүп жатканда басымдын чегинен ашыруу болгон. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбековдун билдиришинче, буга чейинки болуп өткөн текшерүүнүн натыйжасында белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагында 116 унаа газ станциялары иштейт. Анын айтымында, Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери алардын өрт жана өндүрүш коопсуздук нормаларын, архитектуралык-курулуш нормаларын жана жер мыйзамдуулугун сактоо жаатында текшерүү жүргүзгөн. “Натыйжада экологиялык жана техникалык коопсуздуктун 233 эреже бузуулары аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айып пул салуу түрүндө административдик чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, 10 унаа газ станцияларынын иши убактылуу токтотулду”, – деп билдирди Канатбек Муратбеков.
Өкмөт башчынын демилгеси менен өткөрүлгөн мындай жыйын абдан мааниге ээ экендиги талашсыз. Барган сайын өлкөбүздө мейли жеңил унаалар болобу, мейли жылытуу системалары жагынан болобу көгүлтүр отко болгон талап күчөп жаткан азыркыдай шартта кыргыздын канындагы кайдыгерликтен арылып, бул жааттагы көзөмөлдүү күчөтүү, жарандарыбыздын коопсуздугун сактоо бир гана премьер-министрге эмес, баардыгыбыз үчүн абдан маанилүү. Бул жааттагы Сооронбай Жээнбековдун алгылыктуу иштери менен берген тапшырмалары, айрыкча, кырсыктын алдын-алуу боюнча көргөн демилгеси жергиликтүү жана тиешелүү жетекчилер тарабынан кыйшаюсуз аткарылышы кажет.