«Кыргыз кереметинин» алпы, белгилүү кинорежиссёр, сейрек кездешчү талант, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев 21 — декабрда 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Коштошуу зыйнаты Опера балет театрында болду.
Сооронбай Жээнбеков, КР Президенти: “Болот Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти”
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.
— СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, залкар режиссер Болот Шамшиевди түбөлүк сапарга узатып жатабыз. Ал керемет кинотасмаларды тартып, Советтер Союзунда гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылды. Болот Шамшиевдин чыгармалары — кыргыз киносунун өзгөчө бир доорунун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Болот Шамшиевдин режиссердук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал 20-кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды. Болот Шамшиев залкар кинорежиссер гана эмес, көптөгөн актерлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан көрөгөч жетекчи болгон. Ал Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келген. Сүймөнкул Чокморовдун актердук улуу талантын ачкан. Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдызына айландырган. Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да үзүрлүү эмгек өтөгөн. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Туризм жана спорт агентгигинин директору, элчилик кызматтарды аркалаган. Ал өмүрүнүн соңку жылдары бир нече сценарийлерди, 10дон ашык кино долбоорлорду, үч чоң китепти жазды. Жакында эле мени менен жолугуп, өзүнүн жаңы идеялары менен тааныштырган. Чыгармачылык пландары арбын эле. Мамлекет тарабынан улуу сүрөткерибиздин эмгеги жогору бааланып, III, II даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланды. Эң негизги сыйлыгы — элибиздин терең урматына татыды. Болот Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти,- деп белгилейт Сооронбай Жээнбеков.
Айтурган Темирова, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти: “Шамшиев менен кыргыз киносунун бүтүндөй бир доору кеткендей болду”
— Болот Шамшиев улуу талант болчу. Шамшиев менен кыргыз киносунун бүтүндөй бир доору кеткендей болду, Ал дүйнөнү суктанткан кыргыз кереметин жараткандардын бири болчу. Ал канчалаган актёрлордун талантын ачты. Чыгармачылык дем, күч берди. Заман өзгөрүп, кайра куруу мезгили аны бизнес кылдырып, фирма ачууга аргасыз кылды. Чыгармачыл кишилер бизнести кайдан билишет эле. Бирок жашоо ошого мажбурлап, фирма ачты. Аны баалашкан жок. Кемсинтишти, эмгектери баркталбады. 29 жыл кино тартпай отуруп калды. Бул өтө жаман нерсе. Сүрөтчүнүн колунан кыл калемин алып койгондой эле кеп болду. Анын колунан баарын алып коюшту. Дагы бир кино жаратчу болсо, Кыргызстанды дагы дүркүрөтмөк. Майда кишилер ар дайым улуу кишилерди колдон-буттан байлап келишет тура. Турмуш чындыгы ушундай экен. Мен аны Айтматов менен бир деңгээлдеги киши катары көрчүмүн. Экөө дайыма бирге жүрүп, сценарий жазып, ой бөлүшчү. «Ай, Боке, сен абдан таланттуусуң, жазбайсыңбы»,- деп айтып калчу эле. Айтматовдун чыгармаларын киного тартканда, боекторду кошуп, ийине жеткире иштечү. Муну Айтматов өзү да жогору баалачу.
Ахматбек Келдибеков, экс-депутат: “Кыргыз эли кыргыз киноискусствосунун акыркы могиканынан айрылды”
— Бул күнү кыргыз эли дүйнөнү ийнине көтөрүп турган залкарлардын бири болгон таланттуу уулу Болот Шамшиевден ажырады. Бул күнү кыргыз эли кыргыз киноискусствосунун акыркы могиканынан айрылды. Тирүүлүктүн жаркырап күйгөн бир шамы өчтү. Кыргыз улуттук маданияты жана киноискусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. Коомдогу нарк-насилди, улутту улут кылган асыл дөөлөттөрдү калыптандырган, муундан муунга өткөргөн, биздин аң -сезимибизде ал баалуулуктарды бекемдеген инсандар сейрек кездешет. Болот Шамшиев мына ушундай сейрек кездешкен, улуу талант эле. Ар бир тасмасы классикага айланып калса дагы, ал өзү бул ийгиликтерине эч качан төш какпаган, ички маданияты терең инсан болчу. Болот Шамшиевдин жараткан тасмалары легендага айланып, урпактарга үлгү болот. Анын көөнөрбөс тасмалары дагы нечен жылдар кыргыз улутунун жүзү катары дагы далай өлкөнү кыдырат. Буга жакында эле Рио-де-Жанейродо өткөн Олимп оюндарында ар кайсы өлкөлөрдүн мыкты деген фильмдери көрсөтүлүп, анын ичинде Болот Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасы коюлганы далил болот. Бул анын чыгармалары эч качан өлбөй турганын билдирет. Болот Шамшиев кылымдарды карыткан кыргыз элинин татыктуу уулу, жаратман инсаны. Ал белгилүү режиссер гана эмес улуттук оюндарын жайылтууга чоң күч жумшаган. «Көк-бөрү» оюнунун биринчи эрежелерин иштеп чыккан мекендин мекенчил уулу эле. Ал өзүнүн байсалдуу өмүр жолунда кыргыз эли кылымдарга сыймыктангыдай көөнөргүс мурас калтырды. Залкар инсандын чыгармалары ар дайым Мекенди сүйүүгө, жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө жашай берет, Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Болот агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Булак: “Майдан.kg”