Бүгүн, 7-сентябрдан баштап Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү жайы ишин жандантты.
“Каркыра” көзөмөл-өткөрүү пункту күндүзү саат 08: 00дөн 18: 00гө чейин иштейт.
Аталган чек ара бекетинен жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өтө алышат.
Карантиндик иш-чараларды жана Казакстан Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга кетер алдында казак тарап тарабынан киргизилген чектөөлөр менен таанышып алуусу керек экендигин белгилей кетүү керек.
Эскерте кетсек, «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү пунктунда электрондук виза үчүн өтмөк жок.
Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосунда 2003-жылдын 25-декабрында түзүлгөн «Мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттары жөнүндө» келишимге ылайык, «Каркыра » көп тараптуу автоунаа өткөрүү пункту болуп саналат.
2020-жылдан бери өткөрүү пункту жыл бою иштөөгө өттү.