Домой Саясат Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаа калган жок

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаа калган жок

40

            edi

online pills viagra.

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн бир да унаа калган жок. Мындай пикирин транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 5-декабрда Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-казак чек арасындагы “Чон-Капка”, “Чалдовар”, “Ак-Тилек” жана “Ак-Жол” өткөрмө пункттары  штаттык режимде иштеп жатат. “Бүгүнкү күндө бир да өткөрмө пунктта унаалар тыгыны жок. Эки айга созулган маселе бир жарым суткада жөнгө салынды. Бишкек ТЭЦине көмүр штаттык режимде жеткирилип, кант кызылчасы да ташылып жатат. Казакстанда бир нече вагондор кармалды, бирок бул пландык текшерүү. Азыр буга чейинкидей жасалма тоскоолдук байкалган жок”, — дейт ал.

Эки айга жакын жабык турган кыргыз-казак чек арасы президент Сооронбай Жээнбековдун Минсктеги сапары учурунда чечилген. Анда өлкө башчысы казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, ортодогу маселелер талкууланган.