Домой Коом Кыргыз элинин тамак-ашынын туу чокусу — кыргыз озолоңун билесизби? (уландысы)

Кыргыз элинин тамак-ашынын туу чокусу — кыргыз озолоңун билесизби? (уландысы)

824

(Башы өткөн санда)

ОзолоңАл эми кыргыз тамак-ашынын туу чокусунда турган “Кыргыз    озолоңунун” кайталангыс даамынын сырын жана адам ден соолугуна тийгизген   дарылык касиетин,  анын биологиялык, химиялык составын, ошондой эле      тарыхый өзгөчөлүгүн Кыргызстанда эч ким изилдеген эмес. Бир гана орус    окумуштуусу  В.Махлаюк бул касиеттүү чөптүн дарылык дараметин изилдеген. Бирок, бул окумуштуу химиялык билими жок байыркы кыргыздар эмненин   негизинде озолоңду маканга кошуп жешкендигин ачып бере алган эмес. Кыязы,    окумуштуу озолоң кошулган кыргыз маканын жеп көрбөсө керек. Эмне үчүн   кыргыз тамак-ашынын туу чокусу деп озолоңду атап жатабыз?  Башка тамактар   деле бар да. Анын жаралган доору кайсы? Эмесе, кудай деп чечмелеп көрөлү    замандаш. Ооба, кыргыз озолоңун тыкыр иликтеп, аны күнүмдүк керектүү азык-түлүгүбүзгө пайдалануу жана кыргыз бренди катары дүйнөгө жайылтуу маселесине Президентибиз Алмазбек Атамбаев,  ЖКнын спикери Асылбек Жээнбеков, премьерибиз Темир Сариев жеткиликтүү деңгээлде көңүл бурушуп, тиешелүү чараларды көрүп коюшса натыйжасы жакшы болмок.

21-кылым доорунда биздин элибиз тамшанып жактырган беш бармакты,   палоону, лагманды, шорпону, рагуну, котлетти ж.б. ондогон даамдарды жеп   жүрөбүз. Ал аз келгенсип кашайып Кытай менен Түркиядан ден соолукка   зыянынан башка пайдасы жок көчөдө сатылган тамактарды да биздин   жаштарыбыз кезекке туруп жеп жүрүшөт.  Ал эми кыргыз  атамдын эт азыктарынан — байыркы келдемийан, алашак, эски наарын, сары казы, кыйма жал,  керткен жал, акдөбө, быжы, олобо, таш кордо,   гүлазык, акырында озолоң ж.б. Сүт азыктарынан — чагыр, какырым, убай, акежан, койутмак,  ак серке, чөбөгө, жуурат, айран,  кымыз,  сары май, кошкон май, кордо, көптүрмө, шуруган   ж.б.  Суусундуктардан — чийдет, чаңыт, чийдем, чоро куурдак, күркүрөө   бозосу ж.б.

Дан өсүмдүгүнөн — алмустактан бери найзакер менен балбандар жеп    келген чөкмө тамак-аштарын биз билебизби? Эмне үчүн ата бабадан калган    экологиялык жактан таза, ден соолукка пайдалуу тамак-аштарды өзүбүз жеп, жаш   муундарга бербейбиз  дейм да. Азыркы спортсмендер чөкмө жешсе эки эсе күчтүү   болушмак.  Бул тамак-аштар кайсы мезгилден бери өкүм сүрөт, иликтеп баштайлы анда. Кыргыз элинин тарыхындагы кандайдыр бир талаш жараткан маселе чыга  калганда дайыма «Манаска» кайрылабыз.  Биз да Манас атабызга кайрылып   көрөлү.

Баатырдыгы башкача,
Ачкан ороо көздөнүп,
Зорлугу тоонун теңиндей.
Кол алдында чоң дөңгө,
Козголсо жанды жегидей.
Жети батман буудай жеп,
Дан жыттанган эр экен. (С.Каралаев.  Ф.1984,   30-   бет.).

Демек,  чөкмө тамагы Манас доорунда эле болгон деген тыянак чыгара алабыз. Ал эми казан-казан маканды кыргыз атам кайсы мезгилден бери жеп келгенин да иликтей салалы да дагы эле “Манаска” кайрылалы.

Миң кемеге ойдуруп,
Ар кемегеде бир киши,
Миң азамат койдуруп.
Сары казы кыйма жал,
Салтанатын карап ал.
Экиден табак тарттырып,
Чабалдардын баарысы,
Этин жебей арттырып. (С.Каралаев, “Көкөтөйдүн ашы”).

Ошентип Манас атабыздын доорунан бери эле кыргыз атам тажабай казан-казан   эт жеп келгени дайын болду окшойт. Ушул жерден артка бир кылчайып, кыргыз   озолоңунун байыртан кыргыздар жеген макандын ортосунда анын ролу кай жерде   экенин тактай кетели.

 

Озолоңду  лабораторияда текшертип жатам. Кудайым буюрса…

Орунбек ЖаанбаевАкадемик Махлаюктун изилдөөсүнө таянсак, кыргыз   озолоңу Кытайдын, Тибеттин, орустардын элдик медицинасында пайдаланылат   экен. Ал дары чөп Алтайда, Кытайда, Фергана өрөөнүндө жана мурдакы    СССРдин территориясында өсөт тура. Анын  гүлдөп-өсүү мезгили —  май- август   айлары. Бөксө тоолордо жана нымдуу колот- коктуларда өсөт. Жалбырагы, сабагы  жана гүлдөрү пайдаланылат.  Узундугу —  15-50 см. Чогултуу, терип алуу мезгили — май-август  айлары.  Химиялык составы эч жерде изилденген эмес. Адамдын   денесиндеги тердин жана зааранын бөлүнүп чыгуу өлчөмүн көбөйтөт жана   өпкөдөгү какырыкты жибитип, сыртка чыгарат. Ашказандагы кычкылдыкты   азайтат. Ошондой эле эркектеги  бел күчтүн күчтүү болушуна пайдасы чоң. Демек,    сексенбай, токсонбайлардын төрөлүшүнө негизги себепчи болгон экен го деген     тыянак келип чыгат.  Мындан сырткары, бул дары чөп ар кандай кесик   жараттарды айыктырууга,  аялдардын этек кирин тездетүүгө жана цинготтук    ооруларга каршы турат экен. Ошондой эле ириңдеген денелердеги  жараттарды,     язва оорусун да айыктырат тура.  Кыргызатам пайдаланып келген бул жагымдуу   жана дары чөптү иликтөөдөгү менин акыбетимдин кайтканы бул болду, окурман.  Чынында эле мен үчүн сүйүнүчтүү абал түзүлдү. Бир чети кыргыз атамдын   акылына,  көсөмдүгүнө  тан берсем, бир чети  кыргыз атамдын табигаттын сыры   менен теңтайлаша алган кайраттуулугуна сыймыктанып кетем. Акылынын    тунуктугу жана келечекти көрө билгендиги кылымдар бою кыргызды  ар кандай    жок болуп кетүү коркунучунан сактап келген турбайбы кудай! Сөзүм кургак   болбош үчүн окумуштуунун изилдөөсүнө дагы бир таяналык.“В  прошлом эту   траву часто применяли как противоядие для выделения яда с потом” — деп   аныктап жатат.  Бул деген сөз озолоң себилген макандын  — эттин бузулуп    кетүүсүнө ошол озолоң өзү жол бербейт экен деп тайманбай эле тыянак чыгара    берсек болот. Ошол доордогу химиялык  билими,  эт салып сактай турган     муздаткычы жана медициналык  тажрыйбасы  жок кыргыз  атам дүйнөдө жок эң    даамдуу жана дарылык касиеттүү эт  жеп,  кылым карытып жашап келгенине      кантип сыймыктанбай коө алам, мекендеш! Мына бул да өзүнчө бир тарых.

Бул чөптү азыр мен шаарыбыздагы  мыкты лабораториянын биринде текшертип     жатам. Кудайым буюрса, жакшы натыйжа чыгып калаар.  Эми мунун келечегине    келе турган болсок чөптү бир — эки жыл чогултуп, 100-200 гектарга чейин колго     көндүрүп сээп-өстүрүп, анан нукура кыргыз даамын калкка тартуулап, чет элдик    туристтерди тоюндуруп турсак эң  пайдалуу да, жагымдуу да иш жасаган    болмокпуз. Эттин бузулуп кетүүсүнө жол бербегенден кийин озолоң себилген   эттен консерва чыгарса, анда бул дүйнөлүк масштабдагы бизнес болорунда шек   жок. Ошондуктан, эл жакшыларынан таяныч -колдоо күтүп турган мезгилим, мекендеш!

Иликтеген Орунбек Жаанбаев