Домой Коом «Кыргыз аялга үйлөнсөм бизнесимдин баарын тартып алып, өзүмө айтпай ажырашып кетти» дейт...

«Кыргыз аялга үйлөнсөм бизнесимдин баарын тартып алып, өзүмө айтпай ажырашып кетти» дейт түштүк кореялык ишкер

73

Бүгүн, 13-сентябрда Түштүк Кореядан келген ишкер Ли Хи Ман өлкөдөгү укук коргоо органдарына нааразы экенин айтып чыкты. Бул тууралуу ал “SUPER MEDIA” пресс-борборундагы маалымат жыйын учурунда айтты. 

Ли Хи Мандын айтымында, ал Кыргыз өлкөсүндө кыргыз аялга үйлөнгөн. Бирок аялына болгон ишеними акталбаганын журналисттерге айтып берди.

«Ал Ысык-Көлдүн Тоң районунан эле. Менин бизнесим жакшы жүрүп жатканда, ал аймактагы көптөгөн адамдарга жардам көрсөтүп жүрдүк. Кийин Түштүк Кореянын Кыргыз мамлекетиндеги ассоциациясына ишке орношуп калдым. Бул учурда бизнеске убактым болбогондуктан, ишкерликти жүргүзүүнү аялыма ишенип дайындап, жардам берип турарымды айттым.

Көп өтпөй аялымдын көзүмө чөп салып жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм. Көз алдымда үй-бүлөм талкаланып жатканына жүрөгүм ооруду. Бирок аялым эми андай иштерге барбай турганын убадалап, кепилдик катын жазып берген. 4 ай өткөндөн кийин ал менин мүлктөрүмдүн баарын туугандарына өткөрүп, өзү сотко ажырашуу тууралуу арыз жазып, ал жердегилер бизди ажыраштырып койгонун билдим», — деди ал.

Ошондой эле түштүк кореялык жаран бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок алар бул ишти териштирбегендигин, тескерисинче анын акчасын алып, коркута башташканын кошумчалады.

Булак: Супер