Домой Коом Кыргыз армиясы дүйнөлүк рейтингде 110-орунда

Кыргыз армиясы дүйнөлүк рейтингде 110-орунда

674

Кыргыз армиясыGlobal Firepower аскердик-аналитикалык порталынын жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз армиясы дүйнөнүн 126 мамлекетинин ичинен 110-орунда турат экен. Алардын эсеби боюнча кыргыз армиясында жалпысынан 150 танк, 438 бронетранспортёр, 159 оор техникасы жана 21 аскерий учак бар.  2015-жылкы изилдөөдө Кыргызстан 78-орунда болчу. Жаңы рейтинг боюнча биринчи орунда АКШ, экинчи орунда Орусия, үчүнчүдө Кытай турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 48, Казакстан 53, Түркмөнстан 86, Тажикстан 112-орунду ээлеген.