«Кыргыз алтын» ачык акционердик коомунун башчысы Элдияр Калдарбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Ал бул тууралуу «Tazabek» агенттигине өзү билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Калдарбеков башка кызматка дайындалат. Азырынча анын ордуна ким келери белгисиз.
Калдарбеков «Кыргыз алтынды» өткөн жылы 2-сентябрда жетектеп баштаган.