Бүгүн биз Кемин районунун Орловка айылынын аймагында жайгашкан “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасына караштуу “Алтынкен” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү жана ал жерде эмгектенген жумушчулардын коопсуздугу тууралуу кеп кылмакчыбыз. Жакында бул жерде атайын сценарийдин негизинде коопсуздук иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага байланыштуу милиция жана коопсуздук комитет менен бирге коопсуздук кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин туура жана так аткарышкандыгына өз көзүбүз менен күбө болдук. Албетте, миӊдеген адам эмгектенген мындай стратегиялык обьекттерде элдин өмүрүнө зыян келтире турган терракт сыяктуу ар кандай жагымсыз окуялар болуп кетүүсү мүмкүн да. Анын үстүнө алтын өндүрүлгөн жер болгондон кийин андай окуялардын алдын албаса мунун арты жаман болот эмеспи. Бул иш-чара өтүп жатканда жергиликтүү элден тышкары бул жерде иштеп жатышкан жарандардын коопсуздугун сактоого өзгөчө көӊүл буруп жаткан “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын коопсуздук бөлүмүнүн жана ошондой эле Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн, коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгүнө абдан ыраазы болдук. Баардыгы өз ишинин чыныгы устаттары экендигин бекем далилдешти. Бул жерде эмгектенишкен жумушчулар үчүн абдан жакшы шарттар түзүлгөн экен. Жумушчулар үчүн бул жерде жатакана, спорт комплекси салынган экен. “Ынтымак бар жерде ырыс бар”-демекчи, бул жерде кытай-кыргыз жарандары чогуу эмгектенген чоӊ жамаат ынтымактуу экендигин баса белгилеп кетпесек болбос.
Урмат Давлетов: “Коопсуздук кызматы менен биргелешип иш алып барабыз” what is prednisone prescribed for.
—Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп 2017-жылы 9-октябрда дайындалгам. Биз аймактагы элдин коопсуздугунан тышкары бир нече стратегиялык обьектилерди карайбыз. Алардын ичинде “Алтынкен” да бар. Азыркы күндө биз “Алтынкендин” коопсуздук кызматы менен биргелешип иш алып барабыз. “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын коопсуздук кызматынын бөлүмү менен бирге 2018-жылдын планына киргизилген бүгүнкү иш-чараны өткөрдүк.
Улукбек Жалалбеков: “Мындай иш-чара бир жылда бир жолу өткөрүлөт”
—Буга чейин биз бүгүнкүдөй иш-чараны 5-майда Афинаж заводунда өткөрдүк. “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын башкы коопсуздук бөлүмү жана жергиликтүү ички иштер бөлүмү, коопсуздук кызматы менен бирге өзүӊүз күбө болгон коопсуздук иш-чарасын өткөрдүк. Эми мындай иш-чаралар “Макмал” алтын кенинде, Нарындагы “Солтон-Сары” рудник кенинде, “Кыргыз деӊизи” санаторийинде өткөрүлөт. Негизи мындай иш-чара бир жылда бир жолу болот.
Нурдин Канымбетов: “Коопсуздукту сактоо биз үчүн биринчи орунда турат!”
Биз жылдын башында атайын план түзөбүз. Анткени бизде бир топ филиалдар бар ( “Солтон-Сары”, “Терек-Сай”, “Макмал” ж.б.). Ачыгын айтсам, бизде уулуу жана жардыруучу заттар абдан көп. Ошон үчүн аларды көзөмөлгө алабыз. Коопсуздукка байланышкан иш-чараларды жыл сайын өткөрүп турабыз. Бул жерде миӊдей жумушчу эмгектенет. Алардын 90%дан ашыгы ушул аймактын тургундары.