Домой Коом Кыргыз алфавити өзгөрөбү?

Кыргыз алфавити өзгөрөбү?

4381

кыргыз алфавитиКыргызстанда алфавитти реформалоо демилгеси көтөрүлүп, бул азырынча тилчилер менен окумуштуулар арасында кызуу талаш жаратты. Кыргыз алфавитинен сегиз тамганы (е, ё, ю, я, ц, щ, ь, ү) алып салууну жана кошумча тамгаларын кошуу сунушталды. Кыргыз президентинин алдындагы тарых жана тил боюнча кеңеш маселени иликтеп, сунуш берүүнү адистерден түзүлгөн жумушчу топко тапшырган. Бирок, ал сунушка каршы болгон да, колдогон да окумуштуулар менен маданият өкүлдөрүнүн саны арбын. Тил комиссиясынын айрым өкүлдөрү эртедир-кечтир латын арибине өтүүнү колдошот. Анткени, дүйнөлүк тил болгон англис жана башка тилдер латын арибинде. Азыркы кыргыз алфавити 1949-жылы кабыл алынган.