Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жөнөтүлөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин көңүлүн эки аймактагы көрүлүп жаткан чараларды күчөтүүгө бурган.
«Баткен менен Жалал-Абад облустарындагы эпидемиологиялык кырдаал кооптондурууда. Илдетти жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатат. Абалды жакшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медицина кызматкерлерди жөнөтүү зарыл», — деп айткан Боронов.Мындан тышкары, өкмөт башчы тармактык мамлекеттик органдар өлкө боюнча бардык зарыл медициналык дары-дармек менен камсыздоого басым жасоосу тийиштигин баса белгилеген.