Кыргызстандагы эң ири ишкана катары «Кумтөр» компаниясы эсептелээри баарыбызга белгилүү. Аталган алтын кени алтындын запасы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы кендердин катарына кирет. Ырас, анын көбү бүгүнкү күнгө чейин казылып, иштетилип кетти. Адегенде алтын кени ишке кирип баштаганда, анын арты менен кыргыз экономикасы бутуна туруп, өнүгүү жолуна түшөт деген таттуу үмүттөр, тилектер бар эле. Бирок, ал үмүттөрүбүздү, тилектерибизди таш капты. Жылына тонналаган алтындар казылып алынып жатканы менен Кыргызстан андан өзүнүн тиешелүү үлүшүн ала албай келет. Эмнеге? Албетте, канадалык инвесторлор жана алардын кызыкчылыгын коргогон эксперттер ««Кумтөр» кыргыз экономикасына опол тоодой салымын кошуп атат, эгерде бул ишкана токтоп калса, анда кары-картаңдар пенсиясыз, мамлекеттик кызматкерлер айлык акысыз кала берет» — деп «алтын шилекейлерин» чачыратып келишет. Бул айтылгандардын деле жүйөөсү бар, анткени өлкөбүздө башка жарытылуу өндүрүш жок. Андыктан «Кумтөрдөн» түшүп аткан салык жана башка милдеттүү төлөмдөр учурда өтө маанилүү болуп турганын жашыра албайбыз. Бирок, бул жерде чо-оң бирок бар. Биз ушинтип эле ««Кумтөр» иштебей калса аргабыз куруйт» — деп өзүбүздүн мойнубузга өзүбүз минип отура берсек, анда канадалык инвесторлордун (эгерде аларды инвестор деп атоого мүмкүн болсо) чырагына ого бетер май таамп, «булар биздин гана шарттар менен иштеше алат» — деп алакандарын ушалап турушкандарын кантебиз? Деги эле алтын кенинин ээси бизбизби же канадалыктарбы? Кайсы бир байлыктын ээси ким болсо, ошол тарап бийлик жүргүзүшү керекпи же алдамчылык, көз боёмочулук менен шугулдангандар бийлик жүргүзө береби? «Кумтөрдүн» кыргыз элинин кызыкчылыгына өз деңгээлинде иштебей атканынын себеби эмнеде, түйүнү кайда? Мына ушул суроолорго жооп издеп көрбөйлүбү?
Эгемендиктин «шапатасы» менен кирип келген «афера» же академик ажонун «баёолугу»…
СССР кыйрап, анын курамына кирген бардык республикалар «алды-алдынан тал кармап” баштаганда Кыргызстан да өз киндигин өзү кесип, 1991-жылы өз алдынча көз карандысыз республика болуп жарыяланган. Мурда жалаң Москванын көзүн карап келген ошол учурдагы кыргыз саясатчылары эмне кыларын билбей баштары маң болуп турган чакта, Кыргызстандын башына академик Аскар Акаев президент болуп шайланды. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген, төбөсү деле бажырайып, оозу деле бажырайып күлүп турган Акаевден адегенде элдин үмүтү өтө чоң болду. Бирок, математика илимине «ийне менен кудук казгандай» эмгек өтөгөн Аскар мырза жалпы мамлекеттин маселесине келгенде чабал экендигин көрсөттү. Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы башаламандыктын арты менен өлкөбүзгө сырттан басып өткөн жолдору бир топ түшүнүксүз суроолорду жараткан персоналар кире баштады. Алардын арасында Канаданын жараны Борис Бирштейн да бар эле. Ал «Сиабеко» компаниясынын негиздөөчүсү болгон. Аталган компания төрт фирмадан турган.
Бирок, төрт фирманын бирөө дагы алтын казуу өндүрүшүнө таптакыр тиешеси болбогон. Албетте, компаниянын финансылык абалы бир топ туруктуу деп бааланганы менен ага карата бир катар уюмдардын нааразычылыктары болуп келген. Маселен, өз убагында милдеттүү болгон товарларды жеткирип бербегендиги үчүн. Мына ушундайча башкалардын ишениминен азыноолак болсо да чыгып калган «Сиабеко» компаниясынын ээси Борис Бирштейнди ошол убактагы кыргыз бийлиги кучак жайып тосуп алган. 1991-жылдын октябрь айында «Сиабеко Кыргызстан» деп аталган мамлекеттик жеке корпорация түзүлөт. Анын президенти Борис Бирштейн болуп дайындалат. Корпорация мамлекет тарабынан укмуштуудай жеңилдиктерге ээ болот. Салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат. Андан сырткары, ошол убакта Кыргызстанда мамлекеттик экономиканы реконструкциялоо жана өнүктүрүү комитети түзүлөт. Мына ушул кызматтын жетекчилигине Борис Бирштейн башка мамлекеттин жараны экендигине карабастан дайындалат. Бул гана эмес, республикабыздын чет мамлекеттердеги соода-сатык өкүлү болуп да бекитилет. Чет өлкөлүк жарандын Кыргызстанга кирип келип эле бир эмес, бир нече кызматты ээлеп, мамлекет тарабынан бапестөөгө алынышынын сыры эмнеде эле? Аскар Акаев баштаган бийлик төбөлдөрүн Канадага жана батыш Европага алып барып, каалагандай эс алдырып, анан дагы төрт даана автоунааны белек кылып койгону беле? Же ошол убакта Бирштейнди Кыргызстанга алып келген Санжар Айтматовдун «Сиабеконун» Швейцариядагы филиалында расмий иштеп турганы беле?
Кандай сыры болсо дагы Бирштейндин Кыргызстанга кирип келишине бир жыл айланып-айланбай, 1992-жылы республикабыздын 1,5 тонна алтын запасынын жоголуп кеткени тууралуу чоң чатак чыкканы эсибизде. Бул маалымат депутаттык комиссиянын изилдөөсүнүн натыйжасында белгилүү болгон. Ал эми алтындын запасынын жоголуп кетишинин башында Аскар Акаевдин жарлыгы менен түзүлгөн «Сиабеко Кыргызстан» корпорациясы турган. Бирок, Аскар Акаевдин колтугунан жылуу орун таап алган Бирштейндин кылы да кыйшайган эмес. Тескерисинче, ошол убактагы премьер-министр Т.Чыңгышев отставкага кетип, легендарлуу парламент таркатылган.
Чыныгы максаттарын жүзөгө ашыраган Бирштейн
Бирштейндин Кыргызстанга кириши бул «жаңыдан өз алдынчалыкка ээ болуп аткан мамлекетке жардам көрсөтүп коёюн» деген максат эмес экендиги көп узабай эле ачыкка чыга баштаган. «Сиабеконун» өкүлдөрү Кыргызстандын аймактарындагы кен чыкчу жайлар тууралуу маалыматтарды, материалдарды топтошуп, андан соң аракетке өтө башташат. Натыйжада ошол убактагы кыргыз өкмөтү эч кандай конкурс өткөрбөстөн эле «Сиабеконун» жана анын коргоочуларынын басымы менен өлкөбүздөгү эң ири алтын кени «Кумтөрдү» канадалык «Камэко» компаниясына кармата берет. Болбосо ошол убакта деле бул алтын кенин иштетүү боюнча башка пайдалуу сунуштар толтура болгон. Бирок, Акаев менен Бирштейндин «достугу» кыргыз өкмөтүнүн аргасыз кадамга баруусуна себепчи болгон. 1992-жылдын 3-декабрында Торонто шаарында кыргыз өкмөтү менен «Камэко» компаниясынын ортосунда «Кумтөр» боюнча башкы келишим түзүлөт. Эртеси күнү, 4-декабрда башкы келишимде ошол убактагы «Кыргызалтындын» башкы директору Дастан Сарыгуловдун да колу коюлат. Ошентип 1992-жылдын 3-4-декабрь күндөрү кыргыздын байлыгы болгон «Кумтөр» эл аралык көз боёмочулардын колуна чырылдаган боюнча түшүп калат.
Кредитти Кыргызстан төлөп, пайдасын «Камэко» көргөндө…
Ал эми бул «Камэконун» ошол убактагы абалы кандай эле? Бул компаниянын ошол убакка чейинки ишмердүүлүгүндө алтын казып, өндүрүү жаатында эч кандай тажрыйбасы жок болгон. Тактап айтсак, компания уран казууга багытталган. Канаданын ошол убактагы энергетика жана табигый ресурстар министрлигинин маалыматы боюнча «Камэко» 1992-жылдары өтө оор финансылык абалда турган. Анын карызы 1992-жылга карата 460 миллион АКШ долларын чапчыган. Бул ал убакта өтө чоң акча эле, азыр деле оңой акча эмес. Андыктан «Камэко» жабылуу коркунучунда турган. Бирок, анын бактысына Бирштейндин «жардамы» менен «Кумтөр» табылып калып атпайбы. Ошентип «Кумтөр» ишке кирет. Ал эми анда Кыргызстандын үлүшү казылып алынган алтындан эмес, кирешеден бөлүнүп алына турган болот. Ишкана канчалык кирешелүү деп табылбасын, канадалыктар ар дайым эле чыгымдардын көп болуп атканын айтып, кирешени аз гана өлчөмдө көрсөтүп келишет. «Камэконун» отчётунда техникаларга, жабдууларга кеткен чыгымдар алар эсептеген чыгымдан алдаканча ашып түшкөнү көрсөтүлөт. Эгерде 1993-жылы «Кумтөр» долбоору 277 млн. АКШ долларына бааланса, иш жүзүндө ал 453 млн. АКШ долларын чапчыйт. Бирок, бул акчалардын болгону 3 пайызын гана «Камэко» өздөрүнүн чөнтөгүнөн чыгарган. Калган сумманын бардыгы кредиттердин эсебинен келген. Натыйжада «Кумтөр» алтын кенин иштетүү үчүн алынып келинген техникалар, жабдуулар, жолдордун курулушу сыяктуу керек-жарактар кредиттин эсебинен алынып келинген. Ал кредитти Кыргызстан төлөгөн. Андыктан «Камэко» чыгымдардын аз болушуна эч кандай кызыкдар болгон эмес. Мындан сырткары, 1993-жылдан тарта 2003-жылга чейин «Камэко» бардык салыктардан, милдеттүү төлөмдөрдөн бошотулган. «Кумтөр» долбоорун иштетүү тууралуу башкы келишимде мына ушундайча көрсөтүлгөн. Натыйжада 2003-жылга чейин Кыргызстан «Кумтөрдүн» ишине эч кандай кийлигише алган эмес. Бардык процессти «Камэко» өзү жүргүзгөн.
Кыргызстандын кызыкчылыгын биротоло тебелеп-тепсеген 2003-жылкы келишим
2003-жылы «Кумтөрдү» иштетип аткан «Камэко» үчүн салык каникулу аякташы керек болчу. Ушул жылдан тарта Кыргызстан «Кумтөр» компаниясынын 67% үлүшүнүн ээси катары олуттуу киреше алып башташы керек болчу. Салыктын бардык түрүн төлөбөй көнүп алган канадалыктар алгачкы келишимдин мөөнөтү аяктаарына жакын кайрадан ошол убактагы бийлик жетекчилеринин төбөсүнө «чай» кайната башташат. Бажырайып эле күлүп турган Аскар Акаевдин дагы да тилин таап «Камэко» өзү түзгөн коомдук «Центерра» корпорациясына «Кумтөрдү» киргизүү тууралуу реструктуризациялоо маселесин көтөрүп чыгат. Эгерде ага чейин Кыргызстан «Кумтөрдө» 67% үлүшкө ээ болуп келген болсо, жаңы келишимдин негизинде «Центеррада» болгону 33% үлүшкө ээ болуп калат. Ал эми «Камэко» «Центеррада» 67% үлүшкө ээ болуп калат. Мындай үлүштөрдүн бөлүнүшүнө «Камэко» «Центеррага» «Кумтөрдөн» сырткары дагы Монголияда жана Канададагы алтын кендери менен кирип жатканы менен негиздеген.
Ал убакта кыргыз бийлиги «Камэконун» амалын кандайча түшүнгөнүн ким билсин, бирок карапайым элибиз эч нерсени аңдай албай калган. Анан дагы бул аталган эки өлкөдөгү алтын кендеринде канча запас бар экендигин эч ким текшерген эмес. Кийинчерээк гана бул алтын кендеринин баасы «Камэко» тарабынан атайылап көбөйтүлүп жазылганы белгилүү болот. Мисалы, 2011-жылы «Кумтөр» долбоору «Центерранын» жалпы кирешесинин 92%ын түзгөн. Ал эми калган долбоорлору тескерисинче чыгымга гана учуратып келген. 2003-жылдын 31-декабрына карата «Кумтөрдө» 538 тонна алтындын запасы калышы керек эле. Бирок, бул алтын кенинин «Центерранын» курамына кириши менен болгону 180 тонна алтын эсепке алынган. Демек, «Кумтөрдүн» алтынынын көлөмү документ түрүндө 3 эсеге азайтылып көрсөтүлгөн. Бул аракет Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшүн азайтуу максатында атайылап жасалган. Мунун бардыгы ошол учурдагы кыргыз бийлигинин макулдугу менен жасалган.
Текейден арзанга бааланган 17 пайыз…
Ошентип ансыз да 67%бызды 33%га алмаштырып алып шалдайып отурсак, 2004-жылы «Кыргызалтын» ошол 33%дын 17%ын фондулук биржада бар болгону 83 миллион долларга пулдап жиберет. Ал акчадан Кыргызстандын экономикасы гүлдөп кетпейт. Тескерисинче, Кыргызстандын «Центеррадагы» позициясын алсыздандырат. Тактап айтсак, эки жылдын ичинде Кыргызстан өзүнүн 67%ынын болгону 16%ын гана ээлеп калат. «Кумтөрдөгү» Кыргызстандын абалын мындай деңгээлге түшүргөндөр кимдер эле? Ошол убактагы президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, биринчи вице Курманбек Осмонов, вице-премьер Кубанычбек Жумалиев, ТИМ министри А.Айтматов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Равшан Жээнбеков, Президенттин аппарат башчысы Б. Талгарбеков жана башкалар.
Максим Бакиевдин биринчи миллиард доллары кайдан келген же 2009-жылкы Кыргызстандын кызыкчылыгынын дагы бир тебелениши
Ошентип 2003-2004-жылдары «Кумтөр» боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр каршы келген келишим түзүлсө, 2009-жылы Курманбек Бакиевдин учурунда ошол эле сыяктуу кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына туура келбеген жаңы келишим кабыл алынат. Бул ирээт бардык маселе Максим Бакиевдин көрсөтмөсү менен чечилет. Максим Бакиев Елисеев менен биргеликте жаңы мыйзамдын долбоорун жазып чыгышат. Эгерде 1997-жылдан 2009-жылга чейин «Кумтөр» алтын кенин 10 миң гектар жер тилкесинен казып атышкан болсо, Максимчиктин көрсөтмөсү менен «Центеррага» дагы 16 миң гектар кошумча жер тилкеси берилет. Ал аймакта болжол менен 40 тонна алтындын запасы бар болот. Ошол учурда Жогорку Кеңеште отурган «Ак жол» фракциясынын депутаттары толугу менен бул мыйзамды кабыл алып беришет. Жалпысынан добуш берүүгө 76 депутат катышса, анын 75и «макул» деген добушун берет. Бирөө гана «калыс» экенин көрсөтөт. Депутаттар кабыл алган күнү эле ошол учурдагы президент Курманбек Бакиев кол коёт. Мынчалык чагылгандай тездик менен түзүлгөн жаңы келишимдин сыры көп өтпөй ачыкка чыгат. Көрсө, Максим Бакиев бул жаңы келишимди жүзөгө ашыруу менен канадалыктардан 1 миллиард доллар сыйлык алган экен. Бул «сыйлыгын» алган соң М.Бакиев аны Москва шаарындагы ресторандардын биринде катуу майрамдаганы көпчүлүккө жакшы маалым. Канадалыктар үчүн бул келишимдин түзүлүп калышы да аздык кылган. Кийинчерээк КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы 2009-жылкы келишимди 2042-жылга чейин бузулбай тургандай кылып мыйзамдаштырып берген. Бардык максаттарын жүзөгө ашырып алган соң «Камэко» акциялардын баасы көтөрүлүп турган учурду тандап 2009-жылдын 21-декабрында «Центеррадагы» бардык акцияларын 823 миллион долларга сатып оюндан чыгып кеткен. Анын ордуна ондогон толук кандуу мыйзамдуу компаниялар келген. Бирок, алар «Камэконун» бардык былык-чылыктарын билишпейт. Мына ушул маселе биз үчүн өтө чоң көйгөй болуп саналат. «Камэко» өзүнүн миссиясын аткарып, пайдасын көрдү да оюндан чыгып кетти. Ал эми бардык былык-чылыктарды билбеген жаңы акционерлер албетте, өздөрүнүн акцияларын коргоого алышат. Ошол эле учурда Кыргызстан да «Центерранын» негизги киреше түшүрүүчүсү болуп туруп, өзүнүн толук кандуу үлүшкө ээ боло албай келатканы белгилүү. Эмне кылуу керек? Суроо албетте, өтө орчундуу. Акчанын күчү керемет болуп, канадалыктардын берген акчалары үчүн ««Кумтөргө» тийишпеш керек, ал бизге пайдалуу болуп атат» — деп жүрө берсек, анда калган-каткан алтындын запастарын дагы толук казып кетишкенче алдана беребиз. Бизге калдыктары калат дагы, бардык пайдасын Канадага алып кетишет. Анан биз эртең келечек муундун алдында эмне деп жооп беребиз? Ушул суроолорго биздин урматтуу депутаттарыбыз, министрлерибиз, саясатчыларыбыз татыктуу жоопту таап, «Кумтөр» долбоорундагы өзүбүздүн баштапкы 67% үлүшүбүздү кайтарып келе алышабы? Жакында “Кумтөрдүн” Директорлор кеңешине шайланган үч мекендешибизге азырынча ишеним арта туралы… Алардын деле мүмкүнчүлүктөрүн, баскан жолун, эл билбеген кызыктарын жакшы билебиз.
Гезиттин кийинки сандарында ЖМКларды кантип пиар компаниясын жүргүзүп жатканын да терең иликтемекчибиз
(Уландысы кийинки санда)
Мурат Мусакев