Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин ишин анчалык илгерилетип жибербеген “жибектей” созулган Болсунбек Казакбаевди Ак үйдөгү “акылмандар” эң чоң, маселеси терең Мамлекеттик мүлк фондусуна жетекчи кылып алып барышканы баарыбызга белгилүү.
Кашаң атка окшогон Казакбаев иши аз, жеңилирээк жерге көнүп алганын эске алганда, иши татаал фондунун ишин мыкты алып кете алабы, же иштей албай “мыш” болобу? Бул жагын убакыт көрсөтөт деңизчи. Бирок чатак иштери эмитен эле белгилүү боло баштаптыр. Өзү сунуштадыбы, же өкмөт “өтүнүч” кылдыбы, жакында эле өзүнө Акаевдин тушунан ар кандай чоң кызматтарда иштеп элге белгилүү болгон, бай десе бай Байымбет Мураталиевдин уулу Бактыбек Мураталиев дегенди дайындатып алганы белгилүү болду. Ал жигит мурун эле аталган мекемеде жооптуу кызматтарда иштеп жүргөндө, мыйзамсыз иштер боюнча кылтакка илинип, кылмыш иши козголгон экен. Бирок сырдуу жагдайлар менен кылмыш иши жабылып калганбы, айтор кайрадан эч нерсе болбогондой бакыйган кызматка келип калышы күмөн ойлорду жаратууда. Же “Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” — деген ушулбу. Ак үй алкап турса, атасы алды-артын байкап турса, козголгон кылмыш ишиң деле коктуда кала берет турбайбы.