Мамлекетибизде жеп-ичкендер, киши өлтүргөндөр, ууру кылгандар, кенедей балдарды зордуктагандар, бирөөнү алдап кеткендер ж.б. күндө кармалат, кылмыштан күн куру эмес. Барыдан дагы наристелерди зордуктап, уруп-сабап, тамак бербей, энесинен акча өндүрөм деп… жана башка жолдор менен өлтүргөндөр көбөйдү. Мындай кылмыш кылгандарды атып салуунун ордуна бөпөлөп багып алып жатабыз. Жанагы ары жок катындар, чет элден акча алып шуулдагандарды айтканым, “адам укугу” деп ошол мыкаачыларды жан бере коргойт да турат. Ошол “адам коргоочу” катын-патындар чын эле дили таза болсо, анда эмне үчүн жанагы наристелерди, анан да кылмышкерлерден зыян болгон, кордук көргөн, жарат алган милиционерлерге жан тартып пикет, митингдерди уюштурбайт?! Анткени, андан акча өнбөйт!
Ушул тапта таза иштейт деген бир эле чиновникти таап бергилечи? Убара болбогула, андайларды таппай сыйпалагандан не пайда?! Азыр Бишкекте, Ошто, Караколдо жана башка шаарларда байлар жашаган өзүнчө райондор бар этаж-этаж тамдар салынган. Андай үйлөр карапайым адамдардын үйлөрүнүн арасында да бар. Мына ошол кабат үйлөрдүн ээлерине саресеп салып көрсөң, андай үй салууга өмүр бою шайы келбей тургандай айлык алган немелер. Анан кабат үйлөрдү кайдан салды, энесинин көчүгүнөн чукуппу?! Ал үйлөргө кеткен каражат эл байлыгынан, элдин жонун кайыш тилип туруп алып жатышпайбы! Эми ушундай көрүнүш биздин мамлекеттин мыктылыгынан кабар береби?! Жок эй. Аталган көрүнүш мамлекетибиздин биротоло коррупциянын тебелендисинде калгандыгынан кабар берет!
Үч ай мурун Статком Кыргызстандагы коррупцияга аябай баткан мамлекеттик органдардын тизмесин жарыялады. Биринчи орунда Жазаларды өтөтүү мекемелеринин кызматы турат экен. Андан кийин Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат, Саламаттыкты сактоо министрдиги, Бажы кызматы, ИИМ, Мамлекеттик салык кызматы, Билим берүү жана илим министрдиги, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, Архитектура мамлекеттик агенттиги. Көрдүңүзбү, коррупция кай жерде кандай “өнүккөнү” белгилүү, дагы дааналанса адам аттары оңой эле саналат. Анан ошолорго кандай чара көрүлүп жатат? Эч кандай! Аталган кызматтардын жетекчилери эч нерсе болбогондой эле чирене жашап жатышпайбы. Эч болбоду дегенде Жазаларды өтөтүү кызматынын жетекчиси Мамыркуловду кызматтан алышпайбы да. Ал жактагы мыйзам бузууларга эсеп жок, башкасын айтпаганда да тогуз кылмышкердин качышы, СИЗОнун начальнигинин табышмактуу өлүмү да Мамыркуловду кызматтан кетире алган жок! Бул эмнеси? Бул деген дале болсо коррупциянын кылганы!
Кызматынан сынгандар менен кызмат тийбей калгандардын көбү мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти колубузга алабыз деп “колунан кокон келбегени” менен иши жок, кырчаңгы кейпинде жүргөнү. Азыр Акаев менен Бакиев тушундагы абал жок. Мамлекетти төңкөрүш үчүн ошолордун бийлиги тушундагыдай мыйзамсыздык, диктатура, кан жыттанган бийлик келиши керек эмеспи…
Дагы биртоптору улуттук идеологияны түзөбүз деп, аны көрүнгөн жерден издеп там сүзөт. Улуттук идеология деген кыргыз элинин ыйманында, тобо келтирип топук кылганында, баатырдыгы менен айкөлдүгүндө. Баары колдо турат, ошол сапаттарды жаштарга тарат, ал сапаттар жаштардын дилине түбөлүк орногондой болсун. Ал үчүн бакчадан баштап, мектептерден улантып, жогорку окуу жайларга чейин мыкты тарбия керек. Жогоруда аталган кыргыздын улуттук баалуулуктары китептер менен, кино менен, спектаклдер менен, мультфильм менен, сүрөттөр, айкелдер менен жана да улуу муундун баскан таза, ыймандуу жолу менен жетиши керек. Дил тазалыгын өзүң көрсөт! Азыр биздин мамлекет Европа тараптан келип жаткан “соккуларга” туруштук бере албай жатат. Ал “соккулар” ушул: адамдардагы ыймансыздыктын таралышы — жаратылыштын мыйзамына каршы чыгып эркек эркекке, аял аялга үйлөнүшү, баланын тили чыккандан баштап эле “укугу бузулбасын” деген былжырактык, баланы кээси менен “какыс-кукус” кылып турбаса болбойт; маа демектен миңдеген адамды кырып сал, аны жасаган кылмышкерди өлүм жазасына тартууга болбойт, жакшылап багып алыш керек; өз алдынча турмуш өтөгөнгө жарап калган балдары ата-энесин таштап баса бер; жаманчылык менен жакшылыкта бирикпе, ар кимдин өз азабы өзүндө болсун; аялың төрөп фигурасын бузуп эмне кылат, акча үчүн фигурасы бузулгандан коркпогон бирөөнүн боюна жасалма жол менен бүтүрүп балалуу бол; “Валентин” күнү деп таламандын дал түшүндө көчөдө туруп алып өбүшүү ж.б. Кыргыз мамлекети мындай бузукулуктарга каршы тура албай жатат. Аз жыл өтсө, Акмат деген балабыз “аялым” деп Ташматты ээрчитип келсе, башына жоолук салып, көшөгө тартыштан башка айла калбайт! Анан “тукум улай” бер…
Заман бузулганда «көзү ачык» деген аферисттер аябай арбып кетет экен. Алардын кээ бири тим эле мамлекеттик деңгээлге чейин башты айландырып, болгон тилегине жетип жиптерди минип жүрөт. Ал эми ракты айыктырам, бойду өстүрөм, кеткен күйөөңдү кайтарам, бирөө башыңды айландырса, аны жазып берем, балалуу кылам, бай кылам, кызмат жолуңду ачам… сыяктуу жанын жеп карандай калпты айткан шүмшүктөрдүн кулактандырууларынан баш адашат. Алардын колунан, орой айтканда, бок да келбейт, акча табуунун айласын кылган эле шарлатандар. Мына ошолорго мамлекеттик деңгээлде сокку урулбаса да ар кимибиз эле аферисттигин ашкерелеп турууга эмнеге болбосун?! Бийлик тарапты карап эле оозду ачып олтура берчү мезгил небак калганын кайра-кайра эстей жүрөлү. “Рак” деген ооруну айыктыруу азырынча адамзаттын колунан келбей жатат. Медицинасы аябай өнүккөн немистер, америкалыктар, израилдиктер, япондор айыктыра албай жаткан ооруну биздеги шүмшүктөр айыктырабы?!
Ал аңгыча арабдардын идеологиясы дин аркылуу биздин азгантай улутту туш тараптан чырмап бура бастырбай турган абалга жеткирүүгө аз калды. Жыл өткөн сайын динге берилип, сабагына мээси жетпей, мечиттерге барып намаз окугандардын саны арбып барат. Кыздарыбыз бети-башын чүмбөттөп жатканы, Гимнибиз ойнолсо ордунан турбаган көкмээлер жаралып жатат. Биз деген динге негизделген эмес, светский-динден алыс мамлекетпиз.
Кыргыз аялдары эч качан бети-башын чүмбөттөгөн эмес. Анткени, алар эркектердин кулу болгон эмес, динге эмес, ыйманга берилген… Дагы жылдар өтсө, Афганистандын бечара кейпин кийебиз го! Динге туруштук берүү кыйын экенин билип туруп эле, жетекчилик да, деги эле илим-билимдин күчүн, маанисин түшүнгөндөр деле ошол диндин өз ордун таап бергенге жакшы аракет кыла албай келебиз. Дин өкүмүн жүргүзгөн жерде билим болбойт экендигин таптакыр унутпайлы! Диний фанатизм деген бизди басса, Сириянын кейпин кийүү күттүрбөйт!
Ошентип, жалтырап турган мамлекетибиз бар. Ичи кандай экенин айткан болдук, аны “Иттин уулу Байгара да билет” . Билгени жакшы, бирок, негативдерден арылууга аракетибиз жок, жок эле дегенде нысап кылсак эмне!
Адам баласы “топуракка гана тоет” дейт, ал жакка шашканыбыз деле жөнсүздүр… Бирок, жанагы миллиондорду жесе да тойбой жаткан немелер, топуракка тойчу жерге эртең таң заардан узап берсе сонун болбойт беле…
Баратбай Аракеев