Домой Саясат Кылмышкерди колдогондун өзү ким болот?

Кылмышкерди колдогондун өзү ким болот?

136

Данияр Нарымбаев

Бу заман эмне болуп баратат?! Кай жерге барып иши бүтөт?! Мына ушундай коркунучтуу суроолор элибиздин көп кылыктарынан кийин туулуп жатпайбы. Ошол кылыктар акыр-аягы элибизди  алып түшөр бекен?!

Аз мурун Жети-Өгүз районунун бир топ жашоочулары  президенттин мурунку аппарат башчысы, азыркы кылмышкер Данияр Нарымбаевди колдоп, президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдоптур. Ал катка райондун 770 жашоочусу кол коюптур, каттын көлөмү 42 барак дейт. Райондун ар бир айылынан үчтөн киши чогулуп ошол катты алып келип Өкмөттүн облустагы өкүлү Асхат Акибаевгеби же аппаратынабы, тапшырыптыр. Менимче, Атамбаев бул катты карап да койбойт. Анткени, президенттик аппараттагы эң чоң кызматты ишенип тапшырган кадры паракор болуп чыгып жатпайбы. Нарымбаев коррупциялык иштери үчүн 11 жылга кесилген Түлеевге жардам берем деп кызынан 200 миң доллар сурап, анын 50 миңин ортомчу Коркмазовдун колунан алгандан кийин кармалып жатпайбы. Нарымбаев 3 жылга эркинен ажыратылган, үй-мүлкү конфискацияланганга чечим чыккан.

Эмне үчүн жетиөгүздүктөр соттолгон немеге күйүп жатат? Көрсө, паракор Данияр Нарымбаев дегениң Жети-Өгүз районунун Тилекмат (мурунку Шалба) айылынан болот экен. Бу жердешчилик дегениң өлбөс-өчпөс тура! Акты кара кылган, караны ак кылган да жердешчилик, итти кабылан кылган да, жолборсту чөө кылган да жердешчилик. Акыр түбү кыргызды алып түшчү “оору” да жердешчилик! Ошол жердешчиликке акча кошулса, катка кол коюп берчүлөр четтен табылып жаткан учур жакшылыкка алып барбас! Азырынча бул маселеге тереңдеп кирбей, калганы көңүлдө деп туралы…