«Ош» эл аралык аэропортунда «Кувейт-Ош-Кувейт» багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы каттам ачылды.
Бүгүн, 28-октябрда Ош аэропортунда «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын бул багыт боюнча биринчи каттамын салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү.
Салтка ылайык, «Airbus-320 Neo» учагын суу аркасы менен тосуп алышты.
Оштон Эл-Кувейт шаарына 139 жүргүнчү учууга катталды.
Авиакаттамдар жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү жүргүзүлөт.
Кыргызстандын тышкы саясатында араб багыты соңку жылдары мурдагы мезгилге салыштырганда жандуураак жүрө баштады.
Буга чейин Дубай жана Шаржа шаарларына каттамдар ачылган.
Кыргызстандын «Манас» эл аралык аэропорту дүйнөнүн 16 авиакомпаниясы менен кызматташат.
Булак: Азаттык