Президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушууларынын биринде 60 жаштарга барып калган эне сөз сүйлөйүн деп сахнага чыкса, аны Өмүрбек мырзанын жанжөкөрлөрү сүйрөп барып, сахнадан түртүп салышканы чагылдырылган видеоматериал интернет булактарына кеңири тарады. Ошону менен катар эле Бабанов өзү да ал энени сөөмөйү менен кезеп, «Сиз сүйлөбөй, унчукпай эле туруңузчу, барып добушуңузду Сооронбайга бере бериңиз. Анан көрөм жүз грам ичип жүргөнүңүздү», — деп демитип атканын көрүүгө болот. Ошентип ал жүз грамм ичпеген эле эненин ар-намысына тийип, жан жөкөрлөрүнө сүйрөтүп отурганы кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан.
Мына ушул жагдай боюнча журналисттердин бири куудул Бороончу Кудайбергеновго комментарий берип коюусун өтүп байланышса, ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу «Иди на … далбоебтор» деп сөгүнүп салганы маалым болду. Буга чейин биз Бабанов өзү Кубаныч Жээнчороев аттуу айылдык кеңештин төрагасын «на-на-наны» көздөй «посылать» эткенин укканбыз.
«Сыныктан башканын баары жугуштуу» демекчи, «кожоюну» Бабановдун сөгүнчөөктүгү кыязы Бороончуга да жуккан окшойт. Же Бабановдун берип аткан акчалары аны делөөрүтүп, сөгүнтүп атабы?