Анын айтымында, 2012-жылдан бери «Кумтөрдө» экологиялык коопсуздукка байланыштуу маселелер чечилген жок. Кен иштеп баштаганда калдык сактоочу жай 43 млн кубга чектелген. Бирок андан бери ага төгүлгөн таштандылар 2 эсеге көбөйгөн.
«Кыскача айтканда, кен дагы 10 жылдан ашык иштесе, калдык сактоочу жай көтөрө албайт. Калдык сактоочу жай курулган жок. Мөңгүлөрдүн үстүнө 1,5 млрд тоннадан ашык таштанды төгүлгөн. Ушул сыяктуу экологиялык маселелер каралбай жатат», — дейт Кутманова.
Ал стратегиялык келишимге ылайык, Кыргызстанга түшө турчу каражат көлөмдүү болгону менен акчанын максаттуу сарпталуусун көзөмөлдөгөн механизм жок экенин айтат.
Кутманова белгилегендей, 2012-жылы түзүлгөн парламенттик жана өкмөттүк комиссиянын корутундусуна таянсак, коруктан 4 миң 380 гектар жер кемитилген. «Кыргызалтын» ишканасынын «Кумтөргө» жер берилген эмес деген маалыматы калп.
«Анткени, Эсен Аманов, Учкун Ташпаев жана Атажанов 2012-жылы 4 миң 380 гектар жер берилгенын жазган. Жер 2042-жылга чейин берилип жатат»,— дейт эколог.
Белгилей кетсек,үстүбүздөгү жылдын 27-августтунда кыргыз өкмөтү «Центерра» компаниясы менен стратегиялык келишим күчүнө киргенин жарыялаган. Ага ылайык мамлекетке учурдагы салыктардан сырткары дагы 150 млн доллар түшөт.
Келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда кол коюлган. Ал айлана-чөйрөнү коргоону жана инвестицияны өнүктүрүү максатын көздөөрү айтылган.
Булак: Марал