Домой Коом Кутбидин ЖАЙНАКОВ, Араван районундагы “Найман-Текс” ЖЧК башчысы: “Кыргыз-Орус фондунан бизге колдоо болгону...

Кутбидин ЖАЙНАКОВ, Араван районундагы “Найман-Текс” ЖЧК башчысы: “Кыргыз-Орус фондунан бизге колдоо болгону турат”

59

      2015-09-03_13-48-49_528729

alli on sale now. — Пахта чыгаруучу өздүк цехиңизде иш нугу кандай болуп жатат? Кыйынчылыктар жокпу?

— Кудайга шүгүр, жакшы. Биздин ишкананын иш тартиби негизинен сезонго ылайыкташып иштейт десек болот. Иш кычаган маалда 40 ка жакын адам эмгектенип кетишет.

— Иштетилген продукцияларды сатуу кандай болууда? Тоскоолдуктар жокпу?

— Бизден иштетилген продукциялар негизинен Россияга экспорттолот. Кыргыз бийлиги биздин өлкөнү Россия, Казакстан баштаган коңшу өлкөлөрүбүз кирген ЕАЭБдин курамына киргизгени утуш эле болду окшойт. Мисалы, биз Россияга пахтаны экспорттоодо Бажы төлөмдөрүн мурдагыдай төлөп, кыйналбастан азыр буюрса эч тоскоолдуксуз өтүп жатат. Мунун арты менен пахтанын да баасы көтөрүлүп, айтор, көңүл жылытчу иштер болуп эле жатат. Жашырганда не? Ушул жерден туруп эле Россияга түз экспорттоого жол ачылды. Болгондо да эч тоскоолдуксуз. Мунун өзү жакшы нерсе да.

— Өкмөт тараптан жеңилдетилген насыя берилип же кандайдыр бир мамлекеттик деңгээлдеги камкордуктар көрүлүп жатабы?

— Албетте. Маселен, жеке өзүм дыйканчылыгымды өнүктүрүүгө мамлекет ээлик кылган “Айыл Банктан” 1,5 миллион сом насыяны 10 пайыз менен алганмын. Аны иштетип жатам. Биздин балдар Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя алып, текстиль иштеткен завод ачып, жандантууга аракет кылып жатышат. Балдарыбыздын аракетин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан атайын өкүлдөр, өкмөттөн тиешелүү жетекчилер келишип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, буюрса, тиешелүү насыя менен каражат жагынан колдоо болгону турат. Албетте, бул жакшы көрүнүш эмеспи.