Домой Коом «Кут Билим» мектебинин 20 окуучусу ооруканага түштү

«Кут Билим» мектебинин 20 окуучусу ооруканага түштү

162

Байтик айылында жайгашкан «Кут Билим» жеке мектебинин 20 окуучусу ооруканага түштү. Алар тамакка ууланган деп болжолдонуп жатат.

Окуя бүгүн, 9-декабрга караган түнү болгон.

Мектептин администрациясы бул маалыматты тастыктады.

«Түндө 20 окуучуну ооруканага жеткирдик. Алардын ичинен 10 окуучу эртең менен чыгарылды.

Ооруканадагы балдардын жанында биздин кызматкерлер дагы бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Мектептин өкүлүнүн маалыматы боюнча, балдарда ич өткөк бар. Ал азырынча массалык уулануу болгону тууралуу айтуу эрте экенин, адистер иштеп жатканын айтты.