Домой Коом Курула элек жатып урайбы? Өмүрбек Текебаев менен Темир Сариевдин альянсы кулады

Курула элек жатып урайбы? Өмүрбек Текебаев менен Темир Сариевдин альянсы кулады

336

Кыргызстанда бир топ саясатчылар «Жаңы дем» деген ураан алдында стратегиялык өнөктөштүккө бириккенин, парламенттик шайлоого чогуу аттанарын жарыялашкан.

5-июнда кабыл алынган меморандумга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен» социалисттик партиясы), Темир Сариев («Ак шумкар» саясий партиясы), Жанарбек Акаев (Кыргыз либералдык-демократиялык партиясы), Рыскелди Момбеков (Социал-демократиялык тобу), Тилек Токтогазиев («Жаңы Дем» жаштар бирикмеси) жана Азамат Темиркулов («Жашыл күчтɵрдүн коалициясы») кол коюшкан болчу.

Бирок, бүгүн 5-августта альянстын бир бөлүгү, тагыраак айтканда Темир Сариевдин жетекчилиги астындагы “Ак Шумкар” партиясы бирикмеден чыгары белгилүү болду.

Бул маалыматты Темир Сариев өзү Kaktus.media басылмасына тастыктады. Азырынча тараптар бирикмеден ажыроонун себептери жөнүндө эч кандай комментарий бере элек. Мындан тышкары, ассоциациянын башка мүчөлөрү альянста калабы же жокпу белгисиз.

Булак: Элдик медиа