Домой Маданият Курткаев энелерди куттуктады

Курткаев энелерди куттуктады

242

pradaxa pas cher. DSC00200

Май айынын үчүнчү жумасы Энелер майрамы экени элибизге белгилүү. Аталган  майрам мурунку президент Алмазбек Атамбаев тарабынан негизделген. Бул майрам Кудай буюрса чоң майрамдардын бирине айланып баратат. Айрым адамдар бул майрамда энелерибизди эстен кеткис кылып майрамдатып жатышат. Андай адамдардын бири катары Таалай Курткаевди айтсак жарашат. Таалай мырза, ушу тапта Кочкор райондук кошмо жыйындарынын төрагасы болуп эмгектенип жатат. Ал аз күн мурун Кочкордогу энелерди майрамга карата куттуктап, чоң майрам уюштурду. Тактап айтканда, Таалай мырзанын бул демилгесин жердештери Дүйшөн Ирсалиев,жана райондун акими Нурлан Керимкулов баштаган бир катар адамдар да колдоп, өз салымдарын кошуптур. Бул майрамга райондун ар бир айылынан жылпысы 350 эне чогулган. Курткаевдер алардын ар бирине  баалуу белектерин тапшырып, сый тамак уюштуруп, ошону менен бирге белгилүү  куудул Кубан Алимов,  ырчылар: Искеналиев, Сүйүнбаев, Алдаяровдорду алып барып, концерт койдуруп берди. Ал эми аким болсо убагында элге кызмат кылып, узак жылдар бою иштеген 12 кадырлуу энеге Кочкор районунун ардактуу атуулу наамын ыйгарган. DSC00265Ошондой эле Дүйшөн Ирсалиев да кур кол барбай 500 апага белек-бечкегин берип баталарын алды. Кыскасы, Таалай мырза, бул жолу башкаларга жакшы үлгү көрсөтүптүр. Эң ириде элди ойлоп, энелерге кам көргөн Таалай мырзага баракелде дейлик. Ишин ийгилик коштоп, ушундай жакшы самаалыктарды көп-көп жасап, көпчүлүктүн батасына татып жүрө берсин!