Домой Саясат Курсан Асановдун байлыгы 2 млрд долларды чапчыйбы?

Курсан Асановдун байлыгы 2 млрд долларды чапчыйбы?

124

Адахан деген азабы арбын адамдын партиясынан депутаттыкка ат салышып жаткан Курсан Асановдун байлыктарын тизмектеген тасма интернет айдыӊына тарады. Ал тасмада анын жалпы байлыктары: үйлөрү, машиналары, имараттары, мал чарбасы, айтор баары биригип 2 млрд долларга баалангандыгы айтылган. Бул тууралуу Асанов жооп берип жатып, бийликке катуу сын айтты. Ал өзүнө тиешелүү делген байлыктардын баарын жокко чыгарды. Бийлик анын байлыгын бир жылдан бери издеп эч нерсе таппаганын билдирди. Азыркы бийлик байлыктарын тапса, баарын жетим балдарга өткөрүп берсин деген кепти кошумчалады. Асанов Ак –үй менен өкмөттүн имараты да өзүнүн менчиги экенин, бийликке ижарага бергенин билдирип: “Өкмөт үйүн бир жылда, Ак –үйдүн имаратын эки-үч жылда алам”-деди. Генералдын бул кеби бир айда өкмөт алмашат, эки-үч жылда президент алмашат дегени эмеспи. Айтор, азыркы бийликке тиш кычыраткан Асанов чынында чоӊ байлардын бири. Муну тыкыр иликтеп койсо эле чыгат. Шайлоодо депутат болуп кетип өзүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзбөсө, кокус өтпөй калса бийлик анын шорун шорподой кайната турганын баамдаса болчудай…