Кой-Таш окуясы жана Жеңиш Разаковдун даттануусу менен соттук процессти баштан кечирип жаткан генерал Курсан Асанов саясый күчтөр менен сүйлөшүп, шайлоого барууга билек түргөн кербези. Соңку маалыматтарга караганда, ал “Руспублика” партиясынын алдыңкы тизмесине кирип, бактысын сынап көрмөкчү. Ош жана Баткен аймагынан 20 миңден ашык добуш алары да болжонуп калыптыр.
Учурда Курсан Асанов соттоло элек, андыктан, шайлоого катышууга толук укугу бар. Сентябрга чейин райондук жана Бишкек шаардык соттору өкүм чыгарууга жетишпейт. Демек, Курсан Асанов БШКдан депутаттыкка талапкер катары катталса, кол тийбестикке ээ болуп, саясый күрөштө өзүн көрсөтүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүк алат. Публикада ойногонду, эл астында бакылдаганды, о.э. журналисттер менен иштешкенди мыкты өздөштүргөнүн эске алсак, анын жылдызы чукул арада жанып, рейтинги көтөрүлөрү ажеп эмес. Буга чейин куугунтук жеп келатканын, күч органдарынын интригаларына кабылганын ачыктап, көп сырларды ашкерелеп салышы ыктымал. Эң башкысы, Курсан Асановдо каражат жагы арбын. Мындай шартта спортсмендерди топтоо, электоратын жандандырууга шанс бар. Оомат оосо, ошондо күч органдарынын жетекчилери, бийлик мат болуп калабы?..
Булак: Aryba.kg