Домой Спорт Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын командасы 3-орунда

Күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын командасы 3-орунда

142

Аз күн мурун Таиланд мамлекетинде өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталды. Чемпионатка катыш­кан Иран мамлекети — 71 упай менен биринчи орунду ээлеп, куржунуна 4 алтын, 1 күмүш, 2 коло медалдарды салып кетти. Экинчи орунга чыккан Казакстан 58 упай менен, 1 алтын, 1 күмүш, 4 коло медалдын ээси болду. Ал эми биздин өлкө 49 упай топтоп, 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль алууга жетишти. Өзбекстан 47 упай, 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль, Корея 4 упай, 3 күмүш, 1 коло медаль, Индия 42 упай, 1 күмүш, 3 коло медаль, Кытай мамлекети болсо, бир да медаль алууга жетишкен эмес. Албетте, бул чемпионат кыргыз спортунун тарыхында чоң окуя катары жазылып калары шексиз. Андыктан биз мамлекеттин намысына жарап, желегибизди желбиретип келген балбандарыбызды чын дилибизден куттуктайбыз.

Магомед Мусаев

Эркин күрөш боюнча беттеште: атактуу балбаныбыз Магомед Мусаев 97 кг. чейинки салмакта финалга суурулуп чыкканы менен, Ирандын балбаны Реза Мохаммад Али Язданиден жеңилүү ызасын тартып, күмүш медаль тагынды. Ошондой эле эркин күрөшчүлөр, 72 кг. салмактагы Саякбай Усупов менен 57 кг. салмактагы Улукбек Жолдошбеков коло медалдын ээси болушту.

Айсулуу ТыныбековаБул жерде баса белгилей кетчү нерсе, балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы 58 кг. салмак боюнча беттеште: Корея, Индия жана Монголия өлкөлөрүнүн балбан кыздарын татыктуу жеңип, финалга чыккан. Алтын байге үчүн болгон күрөш­тө казакстандык Абдилина Айымды да өз пайдасына ала салдырып, Азия чемпиону аталды.