Домой Саясат Курманбек ОСМОНОВ, экс-депутат, Жогорку Соттун мурдагы тѳрагасы: “Ташиев менен Бекназаровдун көрсөтмөсү жалган...

Курманбек ОСМОНОВ, экс-депутат, Жогорку Соттун мурдагы тѳрагасы: “Ташиев менен Бекназаровдун көрсөтмөсү жалган болсо жоопко тартылышы керек”

68

   i (3)

— Курманбек Эргешович, “Ата Мекен” партиясынын коррупцияга шектелген лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда саясатчылар Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиев жалган көрсөтмө берген экен. Муну тастыктаган аудио интернет булактарына тарап кетти. Эми жогорудагы эки саясатчы калп айтып, жалган көрсөтмө бергени үчүн жооп береби? Мыйзамда бул маселе кандай каралган?

— Мыйзамда жалган көрсөтмө бергендерге жоопкерчилик бар. Негизи сот отуруму башталганда күбөлөргө, айыпталуучуларга судья “жалган көрсөтмө берсеңер мындай берене боюнча жазага тартыласыңар” деп эскертет. Алардын колун да койдуруп алат. Юридикалык жагы ушундай.

—  Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиев болсо бул аудиону жалганга чыгарууда. Ушул маселе кандай чечилиши керек?

—  buy tvs echeck. Эми бул боюнча иш козгоп, алардын аракети тергөө жолу менен аныкталышы керек. Бул үн жазуу атайын жасалганбы, же чындап эле ошондой сөз болгонбу ал фонетикалык экспертизадан кийин далилденет. Эгер Ташиев менен Бекназаров чындап жалган көрсөтмө берген болсо жоопко тартуу керек. Кокус аны башка бирөөлөр жасаган болсо алар да жоопко тартылуусу зарыл.