Жогорку соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмоновдун кабинетине мурунку Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев кирип барса, ал боору эзилгиче, ыкшып күлүп жатыптыр.
— Курманбек Эргешович, эмне мынча күлдүңүз?
— Ой, боорум, аябай күлкүлүү анекдот уктум!
— Кана, айтсаңыз, мен да угайын! Ким айтып берди аны…
— Айталбайм, азыр эле аны айткан адамды 5 жылга түрмөгө кескиле деп райондогу ишенимдүү судьяларга тапшырма бердим, — деген экен