19-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго өкүм чыкты. Анда бир нече айга созулган териштирүүдөн кийин анын күнөөсү толугу менен далилденип, сот 5 млн. сом айыпка жыкты. Шыкмаматов менен кошо айыпталган Эсеп палатасынын мурдагы кызматкери Жусуп Иманалиев 10 жылга эркинен ажыратылса, “Барат-Юкс” компаниясынын жетекчиси, Германиянын жараны Али Юксел кылмыш жазадан бошотулду.
Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу депутаттын мурда соттолбогонун, туруктуу жумушу жана жашаган жери бар экенин эске алып, аны эркиндигинен ажыратпай турган чечимге токтолгонун билдирди. “Алмамбет Шыкмаматов Кылмыш кодексинин 30-беренеси («Кылмышка шериктеш болуу»), 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча күнөөлүү деп табылсын жана 50 миң шарттуу бирдикке (5 млн. сом) мамлекеттин эсебине айып салынсын. Сот өкүмү күчүнө киргенден кийин Шыкмаматов үй камагынан бошотулсун”, — деди судья.
Ошентип 2010-жылдан кийин кыска аралыкта эбегейсиз байлык топтогон Шыкмаматовдун күнөөсү толугу менен далилденди. Тактап айтканда, ал Эсеп палатасында иштеп туруп, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып аялынын унаасын кымбат баада мамлекетке сатканы ашкереленди. viagra manila.
А.Шыкмаматов канчалык актанганы менен сотто күнөөсү толугу менен далилденди жана сот ага жеңил жаза берди. Мамлекеттик айыптоочулар ага 8 жыл сураганын эске алганда бул жерде бир мандем бар сыяктуу. “Шыкмаматов сотторду сатып алды” дегендер да чыгып жатат. Мындай божомолдорго да ишенбей кое албайсың. Анткени, ушул иш боюнча эле айыпталып жаткан Ж.Иманалиев 10 жылга кесилип, Шыкмаматов болсо айып пул менен кутулганы турат. Эми прокурорлор шаардык сотко кайрылып, бул иши боюнча Алмамбет мырзаны татыктуу жазага тарттырышы керек. Бул окуя башка аткаминерлерге да сабак болсун.