Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева учурда ИИМдин тергөө кызматында Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары суралууда. Мындан бир ай мурда тергөөчүлөр тарабынан уюлдук телефондору алынган. Жолдубаеванын жактоочусу уюлдук телефонун тартып алуу мыйзамсыз деп билдирип сотко кайрылган.
Бирок Биринчи май райондук соту тергөөчүнүн кылган аракетин мыйзамдуу деген чечим чыгарган. Бир айдан бери Жолдубаева уюлдук телефонун алалбай жүргөнүн, баарынан кызыгы анын телефону кимдир бирөөлөр тарабынан иштетилип жатканын ,бул абдан кооптуу экенин билдирип,фейсбук социалдык тармагына жазып чыкты…
Булак: «Фабула»