Кундуз Жолдубаева үчүнчү жолу суракка чакырылганын анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Учурда Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында суракта отурат.
Жолдубаева 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө катары суралып жатат.